Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:06

«Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа» кыймылынын Жалалабад облустук бөлүмү парламентке кайрылуу жолдоду


ЖАЛАЛАБАД. «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа» кыймылынын облустагы комитети Акүй алдына баратышкан аксылык энелерди уруп-согуп, артынан аңдуу коюлгандыгын «маңкурттук иш» катары баалады. Кайрылууда ал окуяны депутаттык изилдөөгө алып, парламенттин кароосуна коюу, аялдарга кол көтөргөндөрдү жоопко тартуу демилгесин «Мыйзам чыгаруу палатасы көтөрсүн» деген чакыруу жасалды.Баш калаада сакталбаган адам укугу областарда дегеле эске алынбай тургандыгы, мыйзам өлкөдөгүлөрдүн баарына бирдей экендиги эскертилди. Депутаттарга күйүт тартып, ачкачылыкта отурган аксылык аялдардын талабын өлкө жетекчисине жеткирүү сунушу айтылды.

XS
SM
MD
LG