Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

Кошмо Штаттары Ирак санкциялары боюнча резолюциянын жаңы долбоорун сунуш этти


Дүйшөмбү күнү таркатылган долбоордо Бириккен улуттардын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Франциянын, Орусиянын жана Германиянын бир катар ой-пикирлери эске алынган. Жаңы долбоордо ошондой эле Ирактагы саясий реформаларда жана кайра куруу иштеринде Бириккен улуттардын атайын өкүлүнө "көз карандысыз мандат" берүү каралган.
АКШнын БУУдагы элчиси Жонн Негропонте мындай деди:

- Биз башка делегаттар айткан ой-пикирлерди эске алууга аракеттендик. Акыйкат, толук жана ишке аша турган резолюция болду деп ойлойбуз.

 

XS
SM
MD
LG