Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

САУД ПАДЫШАЛЫГЫ САЯСЫЙ РЕФОРМАГА ДАЯРБЫ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага Өткөн жумада болгон террордук кол салуудан кийин Сауд Арабияда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Коопсуздукту камсыз кылуучу компаниялар жаңы заказдар өлкөнүн ички иштер министрлиги тарабынан эле эмес, мунай компаниялары, банктар, мейманканалар, чет элдиктер менен өкмөт адамдары жашаган турак-жай райондорунан жана ири соода борборлорунан түшүп жатканын билдиришет.

Сауд Арабиянын коопсуздукту камсыз кылуучу “Ал-Магал” деген компаниясы өткөн жумада болгон кан төгүүдөн кийин бир эле Жидда шаарында 850дөн ашык кардардан жаңы заказдар келип түшкөндүгүн билдирет. Кардарлардын ичинде мунай компаниялары, соода борборлору, мейманканалар, ресторандар менен кафелер, чет элдиктер жашаган турак-жай комплекстеринин башкармалыктары бар. “Ал-Магал” компаниясынын жооптуу кызматкери Жамал Алхаблы өткөн жылы анын компаниясы 30 миллион доллар киреше тапкан болсо, Эр–Рияддагы кандуу кол салууга байланыштуу быйыл компаниянын кирешеси 100 миллион долларга бара тургандыгын божомолдойт. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн компаниялар имараттарга киргизе турган магниттик карталардын жаңы түрлөрүн, кишилердин скелеттерин даана чагылдыра ала турган сканнерлердин жаңы үлгүлөрүн жана видеокөзөмөлдөөнүн жаңы ыкмаларын пайдаланышмакчы. “Ал-Магал” компаниясы Сауд Арабияда жашап жаткан адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн падышалык жылына бир миллиард долларга чейин сарптоого кудуреттүү экенин кошумчалайт.

Мунайга бай падышалык 34 адамдын, анын ичинде балдар менен аялдардын өмүрүн алып кеткен кандуу калабаны мындан ары болтурбоо үчүн чечкиндүү чара көрүүнү убада кылып жатат. Андай чаралардын ичинде коопсуздукту күчөтүү менен бирге динаятчыларды кылдат текшерип чыгып, калк арасында экстремисттик көз караштар менен маанайга шыкакчы болгон адамдарды ашкерелөө жана диний мекемелерди реформалоо аталууда.

Бирок 17 миллион калкы бар сауд коомчулугунун кыйла бөлүгү падышалык өкмөттүн мындай чечкиндүүлүгүн жактырбай жатканын айтуу керек. Ройтердин кабарчысы менен сүйлөшкөн 30 жаштагы эр-рияддык тургун Сулейман Деевиш жан кечти террорчулардын кан төгүүсүнө болгон мамилесин билдирүүдөн баш тарткан. Ал тек гана эгерде падыша катаң чара көрө турган болсо, өлкө алдын ала болжонгус толгон-токой проблемаларга туш боло турганын айткан. "Батыштык жарандардын бутага алынып жатышына алардын өкмөттөрүнүнүн аракеттери себепкер",- деген ал чет элдик кабарчыга.

Деевиштин көз карашы миллиондогон сауд арабиялыктардыкына төп келүүдө. Динаятчылар өлкө калкынын кеминде 20-30 проценти террорчуларды ачык кубаттабаганы менен аларга ичтен ыраазы болуп турушканын божомолдошот.

Өкмөттүн диний мекемелерди реформалоо чакырыгы сауд коомчулугунда кооптуу жиктелүүгө өбөлгө түздү. Раид Исмаил деген банкир окуяларга болгон жеке көз карашын мындай деп түшүндүрөт: "Биз эки жолдун айрылышында турабыз. Ал жолдун бири - туура жол. Экинчиси тоо-таш менен аска- зооканы аралап кетет. Мен эң жакшы жолдошторуман айрылдым, ошон үчүн террорчуларга кыжырым келип, кейип турам. Мындай кан төгүүгө каршы бир нерсе кылуу керек. Бул окуя биз үчүн "ойгонгула, көзүңөрдү ачкыла" деген коңгуроону какты!"

Эр–Риядда жардыруу болгондон бери өлкөдө конституцияны кабыл алуу, парламентти шайлоо, аялдарга кеңири укуктарды берүү, диний мекемелерде терең реформа жүргүзүүнү талап кылып келатышкан либералдуу оппозициянын добушу бийигирээк чыга баштады. Бирок кылымдан бери өз бийлигин аяр дипломатиянын, сареэсептүү саясаттын арты менен бекемдеп, консервативдүү диний элитаны таяныч туткан падышалык бийлик андай реформага жол берүүгө даярбы? Сауд коомчулугун азыр мына ушул суроо түйшөлтүүдө...

XS
SM
MD
LG