Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:01

КАЗАКСТАНДА ЖЕР ТАГДЫРЫН ЖЕКЕ ПРЕЗИДЕНТ ЧЕЧМЕЙ БОЛДУ


19-май күнү Казакстандын парламентинин кош палатасы жер реформасына байланыштуу өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесине добуш берип, көздөгөнүнө жете алган жок. Мыйзам боюнча, эми премьер-министр Имангали Тасмаганбетовдун өкмөтү даярдаган жерди жеке менчикке сатуу жөнүндөгү мыйзам долбооруна казак президенти кол койсо, документ күчүнө кирет. Бирок, казак өкмөтүнүн жерди сатуу демилгеси өлкөдөгү саясий кырдаалды татаалдаштырып жибериши да мүмкүн.

Казак өкмөтү менен парламенттин ортосундагы жерди сатуу боюнча талаш-тартыштар ошентип, дүйшөмбүдө премьер-министр Имангали Тасмагамбетовдун жеңиши менен аяктады. Тактап айтканда, өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси добушка коюлганда, аны Мажилис менен Сенаттын мүчөлөрүнүн жарымынан көбүрөөгү колдоду, бирок мыйзамга ылайык, депутаттардын үчтөн экиси жактаган жок. Айтор, алматылык гезиттер жазгандай, "койлор да аман, карышкыр да ток" дегендей, эки айдан бери өкмөт сунуш кылган жерди жеке менчикке сатуу жөнүндөгү мыйзам долбоорго каршы чыгып, ага 100дөн ашуун өзгөртүү-толуктоолор киргизген депутаттар элдин алдында саясий эрдигин көрсөтө алышты. Ошончо салгылаш-күрөштөн кийин казак өкмөтү эми ал өзгөртүүлөрдүн баарын жокко чыгарып, эң алгачкы долбоорду президент Н.Назарбаевдин кол коюусуна сунуш кылмай болду. Парламентте элдин таламын коргоп, жерди сатуу – али эртелик кылат, мыйзам долбоор начар даярдалган деп эң көп чуу салган депутаттардын бири, Мажилистин мүчөсү Серик Абдрахманов эми жалгыз үмүт – президент Нурсултан Назарбаевдин саясий кыраакылыгында калганын айтат.


Депутаттар антип, эми мамлекет башчы саясий сыпайыгерчилигин көрсөтүп, мыйзамды өкмөттүн кошумча иштеп чыгуусуна кайра кайтараар деп үмүт кылышса, карапайым казакстандыктар жерди жеке менчикке сатуудан кооптонуп жатканын жашырышпайт.

Казак өкмөтү даярдаган жерди сатыкка коюу жөнүндөгү мыйзам долбоор боюнча, Кыргызстандагыдай эле жерди чет өлкөлүктөргө сатууга тыюу салынган. Ошондой эле менчик жерди кимдир-бирөөгө ижарага берүү 10 жылдык мөөнөт менен чектелген. Парламент менен өкмөттүн ортосунда эң чоң талашты – жерди сатуудан топтолгон каражат кайда которулушу керектиги жана бир адам эң көп дегенде канча гектар жерди сатып ала алат деген маселелер жаратты. Депутаттар өкмөт сунуш кылган алгачкы мыйзам долбоорго бул маселелерге байланыштуу бир топ тактоо-өзгөртүү киргизишкен, аларды кабыл алууга каршы чыккан казак өкмөтү айласы кеткенде, өкмөткө ишеним көрсөтүү боюнча добуш берүүнү талап кылган. Эми мыйзамдын тагдыры жеке Казакстандын президентинин колунда калды. Көпчүлүк депутаттар жерди сатуу жөнүндөгү маанилүү маселени бүткүл элдик референдумга алып чыгууну сунуш кылышкан. Бирок, жергиликтүү байкоочулар анда бийликтегилер өз долбоорун буга чейинки референдумдар көргөзгөндөй, оңой-олтоң эле өткөрүп алышмак деп эсептешет.

Өкмөт сунуш кылган жер реформасына каршы оппозициячыл күчтөр келээрки аптада Алматыдан Астанага чейинки 2000 чакырымдай аралыкта жөө жүрүш өткөрүп, жолдо дыйкандар менен фермерлерден бул мыйзамга каршы кол топтоону пландаштырып жатышат. Казакстандын статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, өлкөнүн 270 млн гектардай жалпы аянтынын үчтөн бирине жакыны гана айыл-чарба аянттары эсептелет. Өлкөнүн айыл-чарба министрлиги билдиргендей, Казакстан калкынын жарымына жакыны, же 7 миллиондойу айыл-кыштактарда жашашат, бирок алардын басымдуу бөлүгүнүн өз жер үлүштөрүн иштетүүгө каражат-техникасы жетишпейт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG