Брюсселде чогулган НАТОго мүчө-өлкөлөрдүн элчилери Иракта "стабилдүүлүк аймагын" орнотуп-көзөмөлдөө ишине көмөк көрсөтүү жөнүндөгү Польшанын өтүнүчүн канааттандырышты. Альянстын мүчөлөрү Ирактагы согушка карата ар башка көз карашта болгону менен, НАТО Ирактагы польшалык аскерлерге байланыш жагынан жана башка материалдык-техникалык колдоо көрсөтмөй болду. Вашингтон Саддамдын бийлигин кулатуу кампаниясына активдүү катышып берген үчүн Польшага Ирактагы Багдад жана Басра шаарларынын ортосундагы аймакта жайгаштырылчу көп улуттуу 7000дей аскерди башкарууну сунуш кылган.