Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Өнөгөсүз өпкө оорусу Кыргызстанда жок


БИШКЕК. Өнөгөсүз өпкө оорусуна байланыштуу жабылган кыргыз-кытай чек арасынын качан ачылаары белгисиз. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында премьер-министр Николай Танаев билдирди. Анын айтымында, чек аранын жабылышы Кыргызстандын экономикасына анча зыян алып келбейт, анткени импорт жана экспорт мурдагы эле калыбында. Бир аз кыйынчылыкты жеке ишкерлер тартып атышат, бирок алардын товар ташуусуна тоскоолдук жок. Н. Танаевдин айтуусуна караганда, жеке ишкерлер товарларын Кытайдын чек арасына чейин алып келип, аны бул жакка башка өнөктөштөрү алып кетип жатышат. «Ал эми «Кыргызстанда өнөгөсүз өпкө оорусу менен ооруган эки адам бар, аны бийлик атайы жашырып жатат» деген маалымат эс алуу мезгилинин башталышында туризмге зыян келтириш үчүн атайылап таратылган. Былтыр да ушундай жалган маалыматтан улам Орусия 1000 жолдомону кайтарып берген», - деди Танаев.

XS
SM
MD
LG