Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

АКШнын айтымында, “Аль-Каиданын” террорчулары Иранда жашынууда


АКШ президенти Жорж Буштун айтымында, батыш өлкөлөрү эл аралык террорчуларга каршы күрөштү күчөтөт. 21-май күнү кечинде Буш АКШнын Деңиз чек арачыларынын академиясында чыгып сүйлөп, террорчулар эч жакка жашынып кутула албайт деп билдирди: "Ооганстанда кандай аракеттенсек, биз террорчулардын башка жерлерде да жашынып, база курганына жол бербейбиз. Иракта да кандай аракеттенсек, биз террорчу өлкөлөрдүн кеңири кыруучу куралга ээ болуп, бүткүл дүйнөлүк коомчулукту опузалаганына да бөгөт коебуз". АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелддин айтымында, "Аль-Каида" аттуу террордук уюмдун кээ бир жетекчилери азыр Иранда жашынып, өз аракеттерин улантууда.

XS
SM
MD
LG