Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

АЛЖИРДЕГИ ЗИЛЗАЛА


Алжирдеги жер титирөөдөн жүздөгөн адамдар каза тапты, 5 миңдей киши жарадар болду. Учурда куткаруу - издөө иштери улантылууда. Өлкө бийликтери жер титирөөнүн курмандыктары дагы өсүшү мүмкүн экенин жокко чыгарбайт.

Алжир – Африка континентинин түндүк ыптасында жайгашкан ири мамлекеттердин бири. Өлкө аймагынын 80%дан ашыгын Сахара чөлдөрү ээлегендиктен 30 миллондой алжирликтердин басымдуу бөлүгү Жер ортолук деңиздин жээгиндеги шаар-кыштактарда отурукташкан. Калктын карманган негизги дини – ислам. Жер титирөө - Алжир үчүн жаңылык эмес. Акыркы жарым кылым ичинде алжирликтер бир канча зилзаланы баштан кечирди. Бирок азыркы жер титирөө соңку 20 жылдын ичинде болгон зилзалалардын эң ириси болуп олтурат.

Күчү Рихтер шкаласы боюнча 7,5 баллга барабар 1980–жылкы жер титирөөдөн 3 миңдей адам өлүп, 8 миңдей киши жаракат алган. Анын кесепеттерин үй-жайы талкаланган 400 миңдей адам сезген эле. Артта калган 50 жылдын аралыгында алжирликтерге жер титирөөлөрдүн айынан бүтүндөй бир шаарчаларды толугу менен кайра курууга да туура келди.

21-майдагы жер титирөөнүн күчү жергиликтүү адистердин эсебинде 5,2-5,4 баллга жетти. Ал эми АКШнын сейсмологиялык кызматынын маалыматына караганда, зилзаланын кубаты бул ирээт Рихтер шкаласы боюнча 6,7 баллга тең болду. Эпицентри өлкөнүн башкалаасы Алжирден 60 чакырымча чыгыш тараптагы Фения шаарында орун алган алгачкы жер силкинүүсү жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 7:45 те катталган. Негизги зилзаладан кийин да жер силкинүүсү он чакты жолу кайталанды. Жаңы жер титирөөлөрдөн чочулап көптөгөн адамдар өткөн түнү ачык асман алдында түнөштү. Жер титирөөнүн эпицентри орун алган Фения шаарынан сырткары өлкөнүн чыгышындагы Бумердес, Руэйба өңдүү шаарларда көп жабыр тартты. Ал жерлерде бүтүндөй бир турак–жай кварталдары талкаланган. Бузулган имараттар башкалаа Алжир шаарында да бар. Учурда куткаруу–издөө иштери жүрүп жатат. Өлкө бийликтери калкты кан тапшырууга чакырды.

Маалымат агенттиктеринин соңку кабарларына караганда, жер титирөөдөн 600дөн ашуун киши набыт болду, дагы 5000ге жакыны жаракат алган. Бирок зилзаланын курмандыктарынын саны өсүшү мүмкүн деген кооптонуулар айтылууда. Алжирдин премьер-министри Ахмед Уяхья бейшемби күнү кабарчылар менен болгон маегинде төмөнкүлөрдү белгиледи:

- Кооптонткон нерсе-урандылардын алдында калган адамдар али көп экендиги. Жогорку бийликтер, граждандык коргонуу кызматтары, аскерлер, жергиликтүү калк таң каларлык иштерди жасашып, адамдарды алып чыгууда, бирок тилекке каршы бул иштер аяктай элек.

Өкмөт башчысы белгилегендей, үй ичиндегилери түгөл урандылардын алдында калган үй-бүлөлөр да болушу мүмкүн.
Жер титирөөгө кабылган шаарларды электр жарыгы менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады. 1962 –жылга чейин Алжир колониясы болгон Франция жана башка бир катар мамлекеттер өз жардамдарын сунуш кылышты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG