Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Жогорку Кеңештин документтерин коомчулук эркин пайдалана алат


БИШКЕК. 22-майда Жогорку Кеңештин жаңы регламентин талкуулоо учурунда Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаттары анын 86-беренесине 37 добуш менен өзгөртүү киргизишти. Ага ылайык регламент эгер мыйзам катары кабыл алынса, Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин отурумдарынын стенограммасын, ошондой эле башка документтерди коомчулук эркин пайдаланууга укук алат. Документтерге кызыккан жарандар Жогорку Кеңештин китепканасынан жана интернеттеги парламенттин вебсайтынан алып окууга, пайдаланууга жана депутаттын сөзүн анын өз макулдугу менен басма сөздө колдонууга укуктуу болот.

XS
SM
MD
LG