Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

Аксылык аялдар акциясын убактылуу токтотушту


БИШКЕК.17-майдан бери Бишкекте ачкачылыкта отурган Аксылык «Энелер кыймылынын» 20 мүчөсү 22-майда акциясын убактылуу токтотушту. Буга байланыштуу ушул эле күнү маалымат жыйынын өткөрүшүп, анда Кыргызстандыктарга өз кайрылуусун жарыялашты. Аксы окуясында курман болгондордун жана жарат алгандардын энелеринин, жесирлеринин жана эже-карындаштарынын атынан жарыяланган бул кайрылууда Аксы окуясына жана андан кийинки окуяларга, сөз эркиндигине байланыштуу мыйзам бузууларга, негизсиз айыптоолорго байланыштуу бийликке нааразылык айтылат.
«Энелер кыймылынын» өкүлдөрүнүн билдиришинче, ачкачылык акциясын алар «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа» кыймылынын тутумундагы партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, коомчулуктун суранычына ылайык токтотушту. Аялдардын билдиришинче, президент «Энелер кыймылынын» талаптарын аткарбаса, үчүнчү элдик курултайдан кийин нааразылык акцияларын улантышат. «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа» кыймылы элдик курултайды июль айында өткөрөрү тууралуу мурда жарыялаган.

XS
SM
MD
LG