Жергиликтүү адистердин маалыматы боюча зилзаланын күчү 5,4-5,5 балга жетти. Ал эми АКШнын сейсмологиялык кызматы силкинүүнүн күчү Рихтер шкаласы боюча 6,8 баллга жеткендигин кабарлады. Зилзаланын эпицентири Алжирден 50 чакырым чыгыш тараптагы Фения шаарында орун алган. Силкинүүдөн Алжирдин бир нече шаарлары талкаланды. Айрыкча, Бумердесте көп кабаттуу турак үйлөр кыйрап, жашоочуларын басып калды. Аталган шаардын бир көчөсүнөн эле 457 жашоочу кыйрандынын алдында калган. Ушундай эле талкалануу Алжирден 35 чакырым чыгыштагы Регхиайа шаарында да болду.
Жер силкинүү эл уктай электе болгондуктан төмөнкү кабатта жашаган көпчүлүк адамдар сыртка чыгууга үлгүрүшкөн. Зилзала күтүүсүздөн башталгандыктан, айрым жогорку кабатта жашаган тургундар бет маңдайындагы имараттын кыйрап бартканын көрүшүп, эси чыгып, эшик, терезелерден секирип каза болушкан.
Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, биринчи зилзаладан кийин да жер бир нече жолу силкинген. Табияттын күтүүсүз кырсыгынан жүрөгү түшкөн жашоочулар 21-майдан бери ачык асман алдында күн өткөрүшүүдө. Алжирдин ички иштер министрлигинин соңку саатарда билдирген маалыматына караганда, каза болгон жарандардын саны 1100 гө жетти жана 7 миңден ашуун жарадар болгон адам катталды. Кырсык болгон сааттан баштап, ал жерде куткаруу иштери күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Алгач куткаруу иштерин жергиликтүү калк, аскер адамдары аткарышты.
Ал эми бейшемби күндөн баштап, дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн куткаруучу адистер жардамга келе башташты. 22-майдын кечинде Алжир аэропортуна Франция, Швейцария, Италия, Испания өлкөлөрүнөн куткаруучу топтор келишти. Египетден кырсык болгон жерге 13 тонна гуманитардык жардам жеткирилди.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл АКШ кырсык болгон жерге керектүү нерселерди жакын арада жөнөтөөрүн маалымдады. Ал эми Германия өкмөтү кырсык болгон жерге кайсыл жерде тирү адам бар экендигин табууга үйрөтүлгөн иттерди жана куткаруучуларды, Италия бир нече экскаваторду жөнөттү.
Кызыл жарым ай коому жарадар болгондорго жергиликтүү жашоочулардан кан топтоодо.
Учурда, жергиликтүү ооруканалар кырсыктан жапа чеккен адамдарга жык-жыйма толду. Мындан сырткары ачык асман алдында кол чатырлар тигилип, жаңыдан куткарылгандарга жеринде тез жардам көрсөтүлүүө.
Бейшемби күнү Алжирдеги ооруканалардын бирине келген өлкөнүн премьер- министри Ахмед Уяхья кырсык тууралуу журналистерге мындайча өз пикирин билдирди:
Кооптонто турган нерсе-учурда дагы эле урандыны алдында калгандардын көп экендигинде. Бийлик өкүлдөрү, граждандык коргонуу кызматтары, аскер адамдары жана жергиликтүү жашоочулар алгылыктуу иштерди жасап, адамдарды куткарышууда. Бирок тилекке каршы дагы эле мындай аракеттер соңуна чыккан жок.