Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

ХИМИЯ-МЕТАЛЛУРГИЯ ЗАВОДУНАН МЕТАЛЛ УУРДАЛГАНЫНА БАЙЛАНЫШТУУ КЫЛМЫШ ИШИ АЧЫЛДЫ


Азиза Турдуева, Бишкек Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Орловка айылында жайгашкан химия-металлургия заводунан 402 килограммдык европий оксид жана кремний аттуу баалуу металлдардын уурдалганына байланыштуу кылмыш иши ачылды. Бултур январь айында болгон бул кылмыш иши Кемин районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан иликтенди.

2002-жылдын 7-январында Орловкадагы химия-металлургия заводунан 5-6 адам карактоо жолу менен баалуу металлдарды уурдап кетишкен. Уурдалган металлдардын жалпы наркы 5 млн. сомду түзөт. Адистердин айтымында, уурдалган оксид европий жана кремний электрондук өнөр жайда түстүү сыналгыларды, электр приборлорун чыгарууга пайдаланылат. Бул металлдар аскердик өндүрүштө колдонулбайт жана адамдын ден-соолугуна зыяндуу эмес. Бирок алардын базар баасы азыр бир килограммы үчүн 280 АКШ долларын түзсө, көмүскө базарда аны 30-40 долларга сатышат.

21-майда Бишкек шаарынын Пригородное айылынын тургуну Виталий Пактын үйүнөн кремнийден жасалган 265 миң 200 даана пластина, ушул эле күнү Чүй районуна караштуу Кегети айылынын тургуну Сатыбек Султаналиевдин үйүнөн 36 килограмм оксид европий металлы табылды. Алардын баасы 1,5 млн. сомго барабар. Ал эми бул кылмышка тиешеси бар деп табылган адамдар Чүй облусунун аймагында табылып, азыр Кемин районунун убактылуу кармачу жайында отурушат. Бул тууралуу кылмыш ишин ачуу боюнча оперативдүү топтун башында турган, Кемин районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Кенжебаев мындай деди:

- Оперативдүү түрдө бул кылмыш иши ачылды. Мен кармалган кылмышкерлердин ысымдарын азыр атап кете алам. Алар - Орловка айылынын тургуну Жумабек Чокчонов, Кемин районунун Кызылсуу айылынын тургуну Мусхат Тыналиев жана Чүй районуна караштуу Прогресс айылынын тургуну Кадырбек Абдрахманов. Кылмышкерлер Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 168-беренеси боюнча жоопко тартылышат.

Бул кылмышты жасагандар уурдалган металлдарды коңшу өлкөлөргө - Кытайга, Казакстанга, Өзбекстанга же Орусияга алып барып сатууну көздөшкөн. Бирок алардын металлдарды сатууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес.

Ж. Кенжебаев айткандай, баалуу металлдарды уурдоо боюнча кылмыш ишин ачууга 100 миң сом сарпталды.

Азыр Орловкадагы кылмыш ишине катышы бар адамдардын калгандары изделүүдө. Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын маалыматы боюнча, алар Чүй өрөөнүндө жашырынып жүрүшөт. Бул кылмыш иши боюнча материалдар 2 айдын ичинде Кемин райондук сотуна өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG