Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:43

БАШМЫЙЗАМ РЕДАКЦИЯСЫ, АКЫРКЫ КОҢГУРОО, БАШКАЛААНЫН МААРАКЕСИ


Кыргызстандын Башмыйзамы жаңылангандан бери калган мыйзамдар жаңыланып жатканы, Жалалабаддагы окуянын чоо-жайы, окуу жылынын аяктап баратканы, коррупцияга каршы күрөш күчөгөнү республикадагы басылмаларда байма-бай чагылдырылууда.

Башмыйзамдын жаңыланышы бийлик бутактарынын баарына олуттуу дегидей өзгөрүүлөрдү алып келгенин, алар ириде соттордун жоопкерчилигин жогорулатып, жарандардын укугу мыйзам тарабынан бекем корголо тургандыгын жума күнкү “Кыргыз туусу” гезитинде республиканын Конституциялык Сотунун судьясы Марат Кайыпов билдирди. Анткен менен конституциялык өзгөрүүлөрдүн текши баары азырынча ишке кире элек. Антиш үчүн жаңы мыйзамдарды кабыл алыш керек. М. Кайыповдун айтымында, айрым бай адамдар сотторду акчага сатып алууга аракет кылышы толук ыктымал. Алардын кысымына туруштук бериш үчүн мамлекет сотторго жетиштүү маяна төлөп бериши зарыл.

Басылманын жаңы санында Н. Жоошбаевдин “Коррупциянын кабагына кар жаады” деген макаласы жарыяланган. “Союз тушунда күрүлдөп иштеп турган Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын куруучу заводдун цехтери аңгырап бош калып, станоктор таланып-тонолгон”, деп маалымдайт макала автору. Коррупцияны, паракорлукту жоюу темасына Чүй облусунун Жайыл районунун прокурору А. Абдыгапаров токтолгон. “Сот, прокурорлор, салыкчылар деле акча каражаты жагынан жыргап кеткен жери жок, тиричиликте, айрыкча жаш кызматкерлердин, көп балалуулардын каражаттары бутка тартса башка, башка тартса бутка жетпей жатат”, деп жазат автор. “Коррупциянын тамыры терең, айла-амалы мол болот,- деп улантат А. Абдыгапаров,- жамынган терисин бат-бат алмаштырып, хамелеонго окшоп өзгөрүп, өзүнүн арам оюн ишке ашырыш үчүн алдынан чыккан тоскоолдуктардын бардыгын жер менен жексен кылууга даяр”.

“В конце недели” апталыгынын жаңы санында Кыргызстандын идеологиялык программасы, болочок хартиясы жарыяланды. Жаңы кылымга кирип бараткан Кыргызстандын көз караш, идеология жана укук жаатында тутуна турган багытын аныктап алууну көздөгөн жаңы документте жалган кыялдардан кол үзүү милдети белгиленген. Ал үчүн, хартия авторлорунун айтымында, биздин артыкчылыгыбыз менен проблемаларыбыз эмне экенин аңдап алуу зарыл окшобойбу. Болочок хартияда жалпы улуттук ыңгайда жасалчу иштердин бир тобу саналган. Алардын өзгөчө маанилүүсү катары жеке демилге, атаандаштык шартында табармандык кылуу, мугамырлык, ишке чыгармачыл мамиле көрсөтүлгөн. Мамлекеттин кадыр-баркы, ички-тышкы саясат, экономикалык дипломатия, жалпы элдик биримдик, рухий маданият, болочок багыттын кандай болоору республиканын идеологиялык программасында таасын жазылган.

Швейцариядагы кыргыз алтыны менен “казахгейт” чатагынын ортосунда эч кандай окшоштук жок экенин “Слово Кыргызстана” гезитинде К. Бердибаев деген автор далилдеп чыкты. Анын маалымдоосу боюнча, кыргыз бийлиги Швейцария банктарына каткан алтынын сурабастан, “скандий” деген сейрек кездешчү баалуу металлдын чоо-жайына кызыгыптыр. Кайсы бир шылуундар уурдап кеткен баалуу металл ушу тапта ал жердеги элчиликтин имаратында бекем кайтарылуда. Басылмада социализм тушунда кыйла жылдар бою компартиянын Бишкек шаардык бөлүмүн жетектеп келген Карыбек Молдобаевдин маеги жарыяланган. К. Молдобаевдин пикиринде, Бишкектин башкы планы турмушка ашып калганда, шаар жепирейген жапыс тамдардан арылып, көркүнө чыкмак. Азыр болсо башкалаа опсуз чоюлуп, шаарды курчаган жаңы конуштарга толуп чыкты. Аларга шаар деңгээлиндеги социалдык шарт түзүп берүүгө өлкөнүн чама-чаркы чак. Анын үстүнө чакан республиканын экономикалык-социалдык кубатынын бир жерге чогулушу туура эмес, мындай абал башка шаарлардын өнүгүшүнө тоскоолдук келтирет.

“Моя столица” гезитинин апта соңундагы саны электрондук вариантта гана чыкты. Сатыкка чыгарылбай калган гезиттеги Людмила Жолмухамедованын «Коркунучтун чел кабыгы бозомтук» макаласында Кыргызстанда «үй-бүлө» деген сөз өзгөчө мааниге ээ болуп баратканы тууралуу кеп болот. «Казакстандын азаматы, президент А. Акаевдин күйөө баласы республикадагы кирешелүү тармактын баарын колуна алган», деп белгилейт макала автору. Эмнеликтен президенттин уулу эмес, күйөө баласы пайдага туйтунуп, саясий таасирдүү күчкө ээ болуп атканы түшүнүксүз. Адил Тойгонбаев спиртке, аракка, авиамайга, «Вечерний Бишкек» гезитине ээлик кылат. «Манас» аба бекетине антитеррордук коалиция аскерлери жайгашкандан бери эле авиамай сатып алууга 13 млн. доллар жумшашкан. Кыргызстанда азырынча күйөө баланын ишкердигинин мыйзамдык негиздерине кызыккан киши жок. Ушул эле гезитте Елена Скородумованын «Т.Дулатовдун үстүндө кайрадан кара булут айлана баштады» деген макаласы жарыяланган. Автордун жазганына караганда, «Арнамыс» партиясынын штаб мүчөсүн камакка алуунун шылтоосу ойлоп табылган.
XS
SM
MD
LG