Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Баткен жана Согди аймактарын экономикалык өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүлөт


БАТКЕН. Баткен облусунун губернаторунун биринчи орун басары Максатбек Дыйкан уулунун бүгүн билдиргенине караганда, мындай кеңеш Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн эркин соода жүргүзүү тууралуу макулдашуусуна, Европа Комиссиясынын чакан жана орто бизнести өнүктүрүү программасына ылайык түзүлүүдө. Бул кеңеш кошуна эки элдин карым-катнашын чыңдоо, ишкердикти өнүктүрүш үчүн өз ара алгылыктуу саясатты иштеп чыгуу жана ишкер чөйрөдөгү көйгөйлүү маселелерди жалпылап иликтөө максатын көздөйт. Баткен облусунун бийлиги Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилигине да ушундай кеңеш түзүүнү сунуш кылып кат жолдоду.

XS
SM
MD
LG