Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

ӨЗБЕКСТАН ГАЗДЫ ТОКТОТКОН ЖОК


Сапар Орозбаков, Бишкек «”Өзбектрансгаз” газ берүүнү токтотуп койду» деп «Кыргыз-инфо» маалымат агенттиги тараткан кабарды премьер-министрдин кеңешчиси, маалымат менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Надыр Момунов төгүнгө чыгарды.

22-майда «Кыргыз-инфо» маалымат агенттиги "Кыргызстанга газ берүүнү «Узтрансгаз» токтотуп койду» деген кабар таратты. Ал агенттиктин жазганына караганда, Кыргызстандын «Узтрансгазга» 5 млн. доллардан ашык карызы бар. «Газ берүү ошол үчүн токтотулган» дейт агенттик. Бирок биз бишкектиктердин квартираларына телефон чалып көрсөк, борбор калаанын тургундары газ өчүрүлбөгөнүн айтышты. Аталган агенттик да квартираларга газдын берилип жатканын белгилейт. Бирок аны «Кыргызгаз» кайдан алып жатканын табышмактатып айткан эмес. Биз премьер-министрдин кеңешчиси, маалымат менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Надыр Момунов менен байланышсак, ал бул маалыматты төгүнгө чыгарды.

- Айрым маалымат каражаттарында ошондой маалымат кетти. Бул туура эмес маалымат. Анткени Ташкенден «Өзбекстан андай чараларга барган жок» деп жооп беришти. Бүгүн кечинде Ташкенден далилдөөчү кагаздар келет. Кыргызстанга келчү газ буулган жок. Чынында эле Кыргызстандын Өзбекстанга бир аз карызы бар. Ушул учурда ал карыздын жарымынан кутулду, - деди Надыр Момунов.

Бирок «жел болмоюн чөптүн башы кыймылдабайт» демекчи, «Кыргыз-инфо» агенттигинин маалыматында кандайдыр чындык болсо керек. Өзбек тарап газды токтотуп койбосо да, газ акысы төлөө тууралу маселени катуу койгон сыяктуу. Буга далил - өткөн өкмөт жыйынында премьер-министр Николай Танаев газ акысын төлөбөгөндөрдүн газын токтотуп коюу тууралуу «Кыргызгазга» жана губернаторлорго көрсөтмө берип жаткан.

- Жыл башында Өзбекстан менен келишим түздүк. Проблема жок. Бир эле проблема - акча төлөгүлө, - деген болчу Николай Танаев.

Анын өкмөт жыйынында берген маалыматына караганда, «Кыргызгазга» Бишкек шаары 86 млн. сом, Чүй облусу 133 млн. сом, Талас 3,7 млн. сом, Ош 70 млн. сом, Баткен 13 млн. сом, Жалалабад 47 млн. сом карыз. Өкмөт башчысы «газ акысын төлөбөйт» деп, Токмоктун «Интергласс» айнек заводун жана Канттын цемент-шифер заводун айыптаган болчу. Премьер-министрдин айтымында, алар мурда газ акысын товар менен төлөп келишкен экен. Азыр ага өкмөт менен «Кыргызгаз» тыюу салып коюптур. Товар менен төлөгөндүн алар үчүн жеңилдиги бар болсо керек, алар буга жооп кылып газдын акысын таптакыр төлөбөй коюшкан. Март айында ««Кыргызгаз» Канттын цемент-шифер заводуна газ берүүнү токтотуп койду» деген маалымат тараган. Завод өзү ага эч нерсе деген деле эмес. Ал эми «Вечерний Бишкек» гезити, КООРТ телеканалы жана жогоруда аталган агенттик «Кыргызгазды» сындаган маалыматтарды ушу күнгө чейин таратып келишет.

- Азыр акча менен төлөөнү талап кылышты эле – чуу көтөрүп киришти. «Вечерний Бишкек» гезитинде 2 же 3 ай жамандап жатышты. Бул - заказ. Акча төлөгүсү келбей, башка ыкма менен кысым көрсөтүүнү чечишкен, - дейт Николай Танаев.

Бирок жогоруда аттары аталган массалык маалымат каражаттарынын «Кыргызгазга» койгон дооматтары да жөндүү көрүнөт. Алардын жазганына караганда, «Кыргызгаз» өзүнүн монополдук абалынан пайдаланып, газ акысын өтө эле жогору коюп алган, чогултулган акчаны ар кайсы жакка жумшап ысырап кылып жатат. «Кыргызгаз» мындай дооматтарды жокко чыгарып актанган эмес. Ал эч нерсе укпагандай түр көрсөтүүнү артык көргөн.

XS
SM
MD
LG