БИШКЕК. Кыргызстанга чет элдик инвестицияларды тартууну илгерилетүүчү атайын агенттик түзүлөт. Бул тууралуу 26-майда чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча президенттин атайын өкүлүнүн катчылыгынын башчысы Равхат Хасанов билдирди. Маалыматка караганда, жаңы түзүм мамлекеттик мекеме эмес. Аны түзүүгө БУУнун өнөр жайды өнүктүрүү уюму жардамдашат. Равхат Хасановдун айтымында, аталган уюм 4 экономист адисти тандап алат жана алар агенттикти түзүүнүн техника–экономикалык негиздерин иштеп чыгат. Анын багыттары ЮНИДОнун 9-13-июнда Бишкекте өтүүчү конференцияда каралат. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча агенттикти түзүүгө 500 миңден 1 миллион долларга чейинки каражат жумшалат жана ага Германия менен Япониянын өкмөттөрү жардамдашат. Андан тышкары агенттикте иштей турган 35 адис Японияда кайра даярдоодон өтөт деген маалымат айтылууда.