Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

АЯЛ-ЭРКЕКТИН САЯСАТТАГЫ ТЕҢ УКУКТУУЛУГУН ТАЛКУУЛАГАН ЖЫЙЫН


Дүйшөмбү күнү Бишкекте аялдардын саясатта эркектер менен тең укуктулуугун камсыз кылуу боюнча эл аралык конференция өз ишин баштады.

Аялдардын саясий укуктарын талкуулаган эки күндүк эларалык конференция дүйшөмбүдө Бишкекте башталды. Бул форум Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Демократия институтунун адам укуктары боюнча бюросунун жана Конрад Аденауэр фондунун, президенттик администрациянын көмөгү астында уюштурулду.

Конференцияга постсоветтик Борбор Азия республикаларына, Германия жана Австриядан келген эксперттер катышты. Жыйында саясатта аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун камсыз кылуу стратегиясы талкууга алынды. Анда постсоветтик Борбор Азия республикаларында аялдардын мамлекеттик ишке катышуусунун деңгээлин кеңейтүү проблемалары ортого салынды.

Аялдардын бийликте аз экендиги жыйында баса белгиленди. Кыргызстандын калкынын 50% ашуунун аялдар түзөт. Ал эми кыргыз парламент мүчөлөрүнүн 4 % аялдар. Бул өңүттөн алганда, аялдардын саясаттагы орду абдан чектелүү, деп белгиледи Конрад Аденауэр фондунун координатору Мира Карыбаева. Конференцияны уюштуруунун максаты жана багыттары тууралуу ал буларга токтолду:

-Аял лидерлерин чыгарууда Орто Азиядагы аял саясатчылардын гендердик маселеде биргелешип иш алып баруусу өз натыйжасын берерине ишенимим чоң. Анткени, конференцияга катышып жатышкан эларалык эксперттер тажрыйба алмашууга, саясый жактан такшалтууга үйрөтүүнү, кала берсе окуттуу иш чаралары боюнча багыт беришет.

Президенттин алдындагы аялдар, үй-бүлө жана гендердик өнүгүү маселеси боюнча улуттук кеңештин жооптуу катчысы Айгүл Кангелдиева:

- Кыргызстанда жарыяланган «Аялдар жылында» бир топ жетишкендиктер болду. «Аялзат» улуттук программасынын алкагында аялдар проблемасы мамлекеттик деңгээлде көтөрүлдү. Аялдар маселесине мамлекеттик деңгээлде үзгүлтүксүз маани берип туруу айрым бир проблемалар чечилип жатат,- деп белгиледи.

Мындай пикирди Өзбекстандын Самарканд облусу боюнча акыйкатчысы Дилдора Алимбекова колдоп чыкты. Ал Орто Азияда аялдардын саясаттагы орду бирдей деңгээлде болгону менен Кыргызстанда аялдардын активдүүлүгү башка аялдарга салыштырганда алда-канча күчтүү деген пикирде.

- Кыргызстандык аялдардын активүүлүгүн баса белгилеп көрсөткүм келет. Мындан сырткары аял министрлер бар. Биздин байкашыбызга караганда, Кыргызстанда аялдардын ийгиликке жетишүү мүмкүндүгү арбын. Андыктан кыргызстандык аялдардын активдүүлүк аракеттеринен үлгү алса болот. Ал эми Өзбекстанда андай эмес. Буга аялдардын аракетсиздиги да себеп. Ошондой эле парламентте аялдардын аздыгына аялдардын шайлооого катышуу мамилесинин төмөндүгүнөн, - деди Дилдора Алимбекова.

XS
SM
MD
LG