Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:28

ЭМИ ИНВЕСТИЦИЯ АГЕНТТИГИ ТҮЗҮЛӨТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча Кыргызстанда 5 мамлекеттик орган иш жүргүзөт. Бирок инвестиция жарытылуу көбөйбөй жатканы айтылууда. Бириккен улуттар уюмунун алдындагы өнөр жайды өнүктүрүү уюму бул көп сандаган органдардын ордуна бир жаңы агентчилик түзүүнү сунуш кылды. Ал агентчилик үчүн адистерди даярдоону өз мойнуна аларын билдирди.

Чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча Кыргызстанда Тышкы соода жана өнөр жай, Финансы, Тышкы иштер министрликтери, Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин алдындагы түз инвестицияларды тартуу борбору жана Президенттин чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгы иш алып барат. Катчылыктын демилгеси менен инвестиция жолундагы бөгөттөрдү алып салуу боюнча 3 матрица иштелип чыкты жана ишке ашырылды. Бирок инвестициянын келиши көбөйгөн жок. «Кумтөр» алтын комбинатын куруу учурунда инвестиция көп келген болчу. Ал бүткөндөн кийин чет өлкөлүк инвестициянын келиши кескин солгундап кетти. 2002- жылы гана түз инвестиция 116 млн. долларды түзүп, ал кийин бир аз көбөйдү. Бирок аталган катчылыктын жетекчиси Равкат Хасановдун айтымында, өкмөттүн бул жааттагы аракети күткөндөй натыйжа берген жок.

- Бул 116 млн. доллардын 52% бизге мурда келип иштеп жаткан 13 ишкана салган. 500 миң доллардан өйдө инвестиция салган жаңы ишканалардан төртөө эле болду. Алар биригип 7 млн. доллар алып келишти. Ошентип арбын инвестиция салышкандар мурдагы инвесторлор, инвестицияны тартуу боюнча жетишсиз аракет жасап жатат деп өкмөттү кунөөлөшкөндөр да ошолор.

Хасановдун айтымында, Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агентчилик деген жаңы түзүм пландаштырылып жатат. Аны тикелөөгө Бириккен улуттар уюмунун алдындагы Өнөр жайды өнүктүрүү уюму көмөк көрсөтмөкчү. 9-13-июнда ал уюмдун адистери Кыргызстанга келери күтүлүүдө. Уюмдун баш катчысы Карлос Магариньос өзү да келиши мүмкүн.

Жаңы түзүлө турган агентчилик мурдагылардан эмнеси менен айырмаланат?
«Инвестицияларды тартуу боюнча жакшы агентчилик болуш үчүн тиешелүү каражаттын жана бир нече тил билген жана ал ишке атайын даярдалган адамдардын болушу зарыл. Тилекке каршы, бир да ведомстволук, ачык эле айтып коеюн, анын ичинде катчылык дагы инвестицияларды тартуу функциясын аткарууга даяр эмес»- дейт Равкат Хасанов.

Жаны түзүлчү органга акча жагынан Жапания жана Алмания жардам беришет. Бириккен улуттар уюмунун өнөр жайды өнүктүрүү уюму кадрларды даярдоого көмөк көрсөтөт.
«Сенти» финансылык компаниясынын жетекчиси Нелли Симонова жаңы органдын түзүлүшү менен чет өлкөлүк инвестициялардын көбөйүп кетерине ишенбейт.
«Мамлекет бир нече жолу агентчилик же комитет тузүүгө аракет кылган болчу. Бирок мамлекеттик чиновникткер инвестиция тартууга кызыгышпайт. Анткени, ал көп эмгек талап кылган иш. Ошол эле «Билл-Бимм-Дандын» келиши үчүн биз 2 жыл аны менен иштедик. Рынокту толук иликтедик, анализ жургүздүк, мүмкүнчүлүктөрдү издедик. Анан гана биз алар менен макулдаштык. Бул өзү кыйла убакытты талап кылган жумуш. Албетте, ал үчүн акча төлөш керек. Мамлекеттик чиновник болсо айлык алат. Ал эч качан инвестиция келиш үчүн аракет кылбайт»- дейт Нелли Симонова.

Равкат Хасановдун айтымында, жаңы агентчилик жарым- жартылай мамлекеттик орган болот. Ал келерки жылдын башында түзүлүп, ишке киришип калат. Ал түзүлгөндөн кийин да катчылык кала берет. Мындан ары ал жалаң гана мыйзамдык негиз түзүү боюнча иш жүргүзүүгө өтөт.

XS
SM
MD
LG