Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Маскөөдө Орусия менен Кытайдын жетекчилери жолукту


27-май күнү Маскөө шаарында Орусия президенти Владимир Путин менен Кытай төрагасы Ху Цзинтао жолугуп сүйлөштү. Эл аралык маселелер жана эки өлкө ортосундагы мамилелерден тышкары, эки жетекчи - Орусиядан Кытайга газ куурун жаткыруу маселесин да талкуулады. Путиндин айтымында, эки дөөлөт ортосундагы мамилелер өтө жакшы: "Орус федерациясы менен Кытай эл республикасы ортосундагы мамилелер азыр болуп көрбөгөндөй жакшы. Биз стратегиялык кызматташуу боюнча келишимге кол койдук жана эми аны ишке ашыруунун үстүндө иштейбиз". Жакында Кытайдын төрагасы болуп шайлангандан бери, Ху биринчи ирет чет өлкөгө чыгып жатат жана Орусияда алты күн болгондо, Шанхай кызматташуу уюмунун саммити менен Санкт-Петербургдун мааракесин белгилөө салтанаттарына катышат.

XS
SM
MD
LG