Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

КЫРГЫЗСТАНДЫН ФОНДУЛУК БИРЖАСЫНА 8 ЖЫЛ


Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстандын Фондулук биржасынын уюштурулганына быйыл 8 жыл болду. Буга байланыштуу 26-майда биржанын президенти Амангелди Муралиев баштаган жетекчилер тобу басма сөз жыйынын өткөрүшүп, анын өнүгүү жолу жана азыркы абалы тууралуу айтып беришти. Биржанын президентинин айтымында, былтыр биржанын соода көлөмү 1 млрд. 104 млн. сомду түзүп, жогорку чегине жеткен. Бирок быйыл абал анча жакшы эмес.

Кыргызстандын Фондулук биржасы 1995-жылдын 26-майында ачылган. Анын түзүүгө АКШнын ЮСАИД уюму зор жардам берген. Кыргызстандын биржасы - башка өлкөлөрдүкүнөн айырмаланып, өкмөткө таптакыр баш ийбеген, баалуу кагаздар менен соода жүргүзүүчү жай. Ал жалаң гана жеке сектордун каражатына түзүлгөн. Азыр анын ири акционерлери болуп Стамбул жана Казакстан фондулук биржалары эсептелет. Биржада 500дөн ашык ишканалардын жана башка эмитенттердин баалуу кагаздары сатылат. Анда 8 брокердик компания соода жүргүзөт.

- Биз азыр күч-аракетибизди биржанын техникалык сапатын көтөрүүгө жумшап жатабыз. Жаңы программалык продукт киргиздик. Жаңы компьютердик базаны да түздүк. Азыр биздин биржанын техникалык сапаты дүйнөлүк деңгээлде, - дейт Амангелди Муралиев.

Биржа алгач өз ишин менчиктештирилип жаткан ишканалардын акцияларын сатуу менен баштаган болчу. Азыр чакан жана орто ишканалар менчиктештирилип бүттү. Стратегиялык мааниге ээ болгон ири ишканалардын менчиктештирилүүсү болсо жай жүрүүдө. Ошондуктан азыр биржанын соодасында мурда чыгарылып, колдон-колго өтүп калган экинчи рыноктун акциялары үстөмдүк кылат.

- 3 жылдан бери биржанын сатуу көлөмү - 1 млрд. сомдон ашуун. Тактап айтканда, былтыр биржанын соода көлөмү өзүнүн жогорку чегине жетип, 1 млрд. 104 млн. сомду түздү. Бирок быйыл абал анча жакшы эмес. Үстүбүздөгү жыл солгун башталды. Биз биржа аркылуу экономика кандай баратканын – ал өсүп жатабы же өскөн жокпу - көрүп турабыз. Рынок быйыл азырынча жай өсүп атат, - дейт Аменгелди Муралиев. Анын айтымында, биржа листингден өткөн ишканалардын акция бааларынын өзгөрүлүшүнүн негизинде өз индексин аныктап жарыялайт. Индекс азыр мурдагы 0,62 ден 0,58ге түшүп кетти.

Кыргызстандын Фондулук биржасында 21 ишкана листингден өткөн. Алар акциялардын өтүмдүүлүгүнө жараша 3 категорияга бөлүнөт. Жогорку деп эсептелген «А» категориясына жалгыз «Кыргызтелеком» гана кирет. «В» категориясында 8 ишкана бар. Алар - «Азия Универсал банк», «Казкомерцбанк-Кыргызстан», «Промстройбанк» , «ЭльВест», «Экобанк», «Бишкексүт», «Химиялык-металлургиялык завод» жана «Карабалта тоо-кен комбинаты». Тизмеден көрүнүп тургандай, листингге банктар көбүрөөк кирет. Ал эми ишканалар болсо, алардын иши жакшы жүрбөгөндүктөн, листингге да аз кирет жана алардын акциялары биржада да аз сатылат. Негизинен биржанын абалы жалпы экономиканын абалынан көз каранды. Амангелди Муралиев «биржанын соодасын көбөйтүү максатында менчиктештирилип жаткан ишканалардын акциясын өкмөт биржа аркылуу сатса жакшы болоор эле» деген оюн айтты.

- Эмне үчүн биз муну талап кылып жатабыз? Анткени Кыргызстандын биржасы баанын обьективдүүлүгүн жана сооданын ачыктыгын камсыз кыла алат. Бул жерде коррупциянын элементтери аз. Ошондуктан менчиктештирүү обьективдүү жүрүшү мүмкүн, - дейт Амангелди Муралиев.

Анын айтымында, бир маселе чечилди - биржадагы сооданы жандандырыш үчүн өкмөт мамлекеттик казына векселдерин сатууну биржа аркылуу жүргүзмөк болуп жатат.

XS
SM
MD
LG