Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Эл аралык Эмнести Интернешинел укук коргоо уюму Борбор Азия жумурияттарындагы укук бузууларды сындады


Уюмдун жылдык баяндамасында антитеррордук чараларды ишке ашыруу үчүн АКШы Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда өз аскерлерин жайгаштырып, АКШ менен Борбор Азия жумурияттарынын мамилелери кыйла өөрчүгөнүн билдирет. Бирок АКШы жумурияттардагы адам укуктарынын абалына басым жасаганына карабастан региондо бир топ укук бузуулар орун алууда. Эмнести Интернашинел адилетсиз соттолгон миңдеген саясий туткундары бар Өзбекстанды айрыкча катуу сынга алган. Уюм Өзбекстандын түрмө туткундары уруп-сабоолорго дуушар болуп жатканын белгилеп, президент Ислам Каримов "антитеррордук согушту" саясий каршылаштарын басуу үчүн пайдаланып кетти деп айыптады. Президентке кол салуу болгондон бери репрессиялык чараларды күчөткөн Түркмөн жетекчилиги да уюмдун баяндамасында сынга алынат.

XS
SM
MD
LG