Румын президенти Ион Илеску ырастагандай, жети жүзгө жуук румын аскерлери Италиянын бейпилдик бригадасынын составында Ирактын түштүгүнө жайгаштырылат. Венгр өкмөтү Иракка үч жүзгө жакын аскер жөнөтүүнү сунуш кылууда. Бул чечимдер эми эки өлкөнүн парламентинде каралып, бекитилүүгө тийиш.