Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:10

СОРОСТУН САПАРЫ, ПЕТЕРБУРГ ШААР ТОЮ, ПРЕЗИДЕНТТИН МУРАСКЕРИ


Кыргыз басылмаларында АКШдагы айтылуу бизнесмен, Ачык коом институтунун негиздөөчүсү Жорж Соростун Кыргызстанга келээри, президент А. Акаевдин Санкт-Петербург салтанатына катышып атканы, президент И. Каримов ордуна мураскер издеп жатканы, республикадагы экономикалык реформалардын ийгиликтери, аксылык аялдардын укугунун кордолгону сындуу маанилүү саясий-экономикалык маселелер чагылдырылууда.

Санкт-Петербургдун 300 жылдык салтанатынын урматына Бишкекте өткөн кечеде Кыргызстандын президенти А. Акаев мурунку Орусия императорлугунун башкалаасы тууралуу бир топ жылуу сөздөрүн арнаганын “Слово Кыргызстана” гезити бейшембиде жазып чыкты. Басылмада президенттик администрациянын бөлүм башчысы Кубат Каныметовдун Кыргызстанда экономикалык реформалар ийгиликтүү өтүп атканын баяндаган макаласы жарыяланган. Экономикалык өсүү темпи боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинде 4-орунду ээлейт. Анткен менен Кыргызстандын экономикасы толук эркин эмес. “Республика алдыдагы он жылда жакырчылыкты эки эсе кыскартуу милдетин алдыга коюп отурат”, деп белгилейт макала автору.

Милийсалар колундагы куралдарын алдырып, абийири айрандай төгүлгөнү, иштелип чыккан электр энергиясынын тең жарымы жолдон таланып жоголгону бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезитинде талдоого алынды. “Мамлекеттин баарына кол шилтеген ичимтап мамилеси ансыз да дал-далынан айрылганы турган системаны жок кылуудан башкага жарабайт”, деп жазышат Марипов менен Байгуттиев. Аксыдан келген аялдарга тартип коргоо органдарынын кыргыйдай тийиши, конституциялык укуктун бузулушу тууралуу гезит кабарчысы Г.Калыгулова бир топ инсандарга кайрылган. Кинорежиссер Каридин Акматалиевдин пикиринде, тынч келаткан аялдарга күчүн көрсөткөн бийлик мындайда коркок. Аялдардын колунда курал болсо бир жөн эле. Гезитте Жорж Соростун Кыргызстанга келишине арналган материалга да орун берилген. Сорос фондунун Кыргызстандагы иши негизинен жарандык коомдун өнүгүшүнө, сөз эркиндигинин, адам укугунун сакталышына көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Соңку кездери кара жанынын кайгайы менен алектенип калган Өзбекстандын президенти ордуна мураскер издеп, ал орунга болочок күйөө бала Садик Сафаевди ыраа көрүп жатканы Абдуллах Муслимдин макаласында баяндалат. “Жеке бийлигин өлгүчө колунан чыгаргысы келбеген постсоветтик президенттердин көбү эртеңкисинен чочулап, ордун мураскерине табыштоого өтүштү”, дейт макала автору. Орусияда Б. Ельцин бийлигин В.Путинге таштаса, Азербайжанда Гейдар Алиев чоң кызматты уулуна энчилөөнү каалайт. Казакстан президенти болсо эмитен эле Башмыйзамына “экс-президент өлөр-өлгөнчө сенатор болот, абсолюттук кол тийбестик укукка ээ” деп жаздыртып алган.

Кыргыз өкмөтү жакырчылыкты үч жыл ичинде 5% кыскартуу милдетин алдына коюп жатканын бейшембиде “Вечерний Бишкек” гезити маалымдады. “Өкмөттүн үч жыл ичинде аткарчу иштери чындыкка караганда кыялга көбүрөөк жакын экенин эл аралык эксперттер белгилешүүдө”, деп маалымдайт гезит. Эл аралык эксперттердин бири Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүнүн мындай планын “куру дымак” деп атаган.

5 айдан бери унчукпай калган “Кыргыз руху” гезити жума күнү чыкканы туру. Басылманын жаңы санында “Президенттин уулу Айдар Акаевге кимдер кол салышы мүмкүн?” деген суроого жооп издешкен. Гезиттин эмнеликтен чыкпай калганы тууралуу басылманын башчысы Маматемин Рыскулов окурмандарга сыр ачса, Кудайлатов деген автор президенттикке татыктуу талапкерлер жөнүндө баяндайт. Оппозициянын бечаралыгы Эрнис Назаловдун “Эшегине жараша тушагы” макаласында кеп болот.

Жума күнкү “Агым” гезитинде журналист Жолдошбек Зарлыкбековдун эки макаласы басууга даярдалууда. Анын бири “Кыргызда канча саентолог бардыгын” талдоого алса, экинчиси “Төрт жыл шым алмаштырбаган Н.Танаев жана Т.Акматалиевдин анекдоту” деп аталат. Көлдө 9-май күнү эт жегендер менен тыным албай көп бозо ичкендердин мелдеши өткөнү, өкмөттүн жардамысыз эле көлдүктөр картөшкөнү эгип атышканы Баратбай Аракеевдин «Мына биздин көртурмуш” макаласында баяндалат.

“Аалам” гезитинин жаңы санында да бир топ материалдар, атап айтканда, депутат Азимбек Бекназаровдун кыргыз мамлекеттүүлүгү тууралуу макаласы жарыяланмакчы. Автордун айтымында, кийинки кездери кыргыз бийлиги той-тамашалар менен көбүрөөк алектенип калды. Ошондон алар кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жакшы майрамын өз деңгээлинде өткөрө алышпайт. Нургазы Анаркуловдун президенттикке талапкер Аскар Салымбеков тууралуу макаласында жаш саясатчынын аты кийинки жылдары ишкердиктин арты менен чыкканы баяндалат. А.Салымбеков - базар ачып байыган инсан.
XS
SM
MD
LG