Улуу сегиз мамлекеттин катарына АКШ, Алмания, Жапания, Италия, Канада, Орусия, Улуу Британия жана Франция кирет. Бул сегиз өлкөнүн төртөө - АКШ, Жапания, Италия жана Британия - Ирак согушун колдогон, калган төрт мамлекет болсо, ага катуу каршы чыгып келген. Араздашуулар согуштан кийин да уланган жана АКШ даярдаган Ирак боюнча Бириккен Улуттардын жаңы резолюциясына башка өлкөлөрдүн талабы менен бир нече өзгөртүү киргизилгенден кийин гана алар резолюция үчүн добуш берген. АКШ ага алкыш айтканы менен, Эвиандагы жолугушуу учурунда Алманиянын канцлери Герхард Шрөдер президент Жорж Буш менен өзүнчө жолугуп сүйлөшөйүн дегенге мамлекеттик катчы Колин Пауэлл - ага убакыт болбойт деп жооп бергени кеп нерсени билдирет.
Согуштан кийин Пауэлл Францияга да кайрылып, Ирак маселеси боюнча ал АКШ саясатына каршы чыкканы унутулбайт деп айтканы да алыска кеткен жарыя. Согуш баштоого АКШ Бириккен Улуттардын макулдугун алайын деп, Коопсуздук Кеңешинде талкуу өткөргөндө, Пауэлл Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпенге катуу утулган. Чыгыш Европанын бир нече мамлекети АКШны колдогондо болсо Франция президенти аларды катуу сынга алган, бирок АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд дал ошол мезгилде Франция менен Алманияны "эски Европа" деп атаган. АКШ жетекчилигинин айтымында, анын Ирак саясатын дүйнөдөгү 65 мамлекет колдоду, ошондуктан мындан ары Вошингтон кээ бир эл аралык маселелерди Бириккен Улуттарга кайрылбай чече ала турган абалга жетти.
Экинчи жагынан, Бириккен Улуттар - ар бир маселени сүйлөшүү аркылуу чечип-жетишүү максатында түзүлгөн уюм, бирок азыркы мезгилде эл аралык коoпсуздукка эң чоң коркунуч түзгөн "Аль-Каида" сыяктуу уюмдар менен эч кандай сүйлөшүү жүргүзө албайсың. Ошондуктан АКШ ар башка маселелер боюнча ар башка эл аралык коалиция түзүп аракеттене баштады жана Ирак согушунан кийин Литва, Польша же Чехия сыяктуу өлкөлөр менен достошту. Бирок андай өлкөлөр Франциядагы бийик жолугушууга келбейт, ошондуктан Эвиандагы сүйлөшүүлөр бир топ эле салкын боло тургандай.
Дүйнөлүк жетекчилерди түйшөлткөн дагы бир маселе - Жапания менен Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн кийин, экономикалык кризис Батыш Европа менен Америка Кошмо Штаттарына да жакындай баштаганы. Европада эң күчтүү экономикага ээ болгон Алмания да, АКШ жетекчилиги дагы акыркы мезгилде дефляция тууралуу сүйлөй башташты. Кээ бир европалык эксперттер - АКШ өзүнүн долларын атайлап арзандатып жатат деген күнөө да айтууда, эл аралык соода тармагында болсо Америка менен европалык өлкөлөр ортосунда кадимки эле согуш жүрүүдө.
Эвиандагы жыйынга Кытайдын жаңы төрагасы Ху Цзинтао, Мисирдин президенти Хосни Мубарак, Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохаммад жана башка саясатчылар да чакырылган. Эң өнүккөн өлкөлөрдүн жетекчилери бир-бири менен расми эмес түрдө 1970-жылдарда Вaшингтондогу Ак Үйдүн китепканасында жолуга баштаган, 1975-жылы болсо Париждин алдындагы Рамбуйе аттуу жерде беш мамлекет - АКШ, Алмания, Жапания, Улуу Британия жана Франциянын жетекчилери алгачкы ирет расми түрдө жолуккан. Кийинки үч жылдын ичинде уюмга Италия менен Канада кошулган, ал эми 1991-жылы ага СССР да кирмек, бирок дал ошол жылы ал таркап кеткен. 1994-жылы уюмдун бийик жолугушуусуна алгачкы ирет Борис Ельцин катышкан, 1997-жылы болсо Орусия ага расми түрдө мүчө болуп кирди.