Кыяс Молдокасымов, Бишкек Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында өлкөдө массалык маалымат каражаттары эркин өнүгүп, «Демократия аралчасы» аталган эле. Бирок, 90-жылдын ортосунан баштап сөз эркиндигине ар кандай тоскоолдуктар болуп, маалымат каражаттары эки жээкке бөлүнүп, ортодо кайым айтышуулар өкүм сүрүп келди. Журналисттер бир столго отуруп, сүйлөшүү жолдору менен бири-бирине болгон таарынычтарын айтышып, ич ара ынтымакка келүүсү тууралуу көптөн бери коомчулукта сөз болуп келгени жашыруун эмес. Мына ошондой аракет алгачкы жолу 24-25-майда Ысыккөл жээгиндеги Аврора эс алуучу жайында болуп, жыйынга 60 ка чукул маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Жыйында 11 принциптен турган Ысыккөл медиа-декларациясы кабыл алынды. Төртүнчү бийлик өкүлдөрүнүн иш аракетине багыт берген бул документтин чоо-жайы, жалпы эле Ысыккөлдөгү жыйында каралган маселе тууралуу «Кабар» Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин директору Кубан Табалдиев, «Кыргыз туусу» гезитинин башкы редактор орун басары Абибила Пазылов, «Агым» гезитинин баяндамачысы Жолдошбек Зарлыкбеков «Азаттыктын» Бишкек студиясында өткөн талкуу учурунда айтып беришти.
Тектеш