Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

ЭЛ АРАЛЫК ВАЛЮТА ФОНДУНУН ПИКИРИН ДА ӨЗГӨРТСӨ БОЛОТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Өкмөт адатта көпчүлүккө жакпаган чечим кабыл алаарда, аны «Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) талап кылып атат» деп актанат. Ошондуктан коомчулукта «Кыргызстандын экономикасын иш жүзүндө өкмөт эмес, Эл аралык Валюта Фонду башкарат, анын макулдугусуз өкмөт эч нерсе кыла албайт» деген түшүнүк бар. Бирок кийинки окуялар, эгерде өкмөт мүчөлөрү анын эксперттерине маселенин маңызын жакшы түшүндүрө алышса, ЭВФ өкмөт менен макул болоорун көрсөтүп атат.

Эл аралык валюта фондунун көрсөтмөсү Кыргызстан үчүн мыйзамга тете. Бир эле мисал: кимдин таасири менен экени белгисиз, 2000-жылы кыргыз өкмөтү салыктарды азайтуу боюнча демилге көтөрүп чыккан. Пайдага салык жана адамдардын кирешесине салык 30%төн 10%ге төмөндөтүлмөк. Бул үчүн жетиштүү негиз да бар болчу. Коомчулукта «салык оор, ошондуктан ишканалар иштей албай жатышат, иштегендери болсо салыктан качып көмүскөгө кирип кетип жатышат» деген пикир кеңири тараган. Өкмөт даярдаган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин 2 палатасы тең кабыл алып берген. Бирок кийин келген ЭВФ миссиясы аны туура көрбөй, жокко чыгарууну талап кылган. Мыйзам ишке кирелек жатып, кайра жокко чыгарылган. Бул ЭВФтин макулдугусуз кыргыз өкмөтү эч нерсе кыла албастыгын даана көрсөтөт. Бир сөз менен айтканда, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалардын автору - ЭВФ. Кыргыз өкмөтү майда-чүйдө маселе боюнча чечим кабыл алганы менен, ал бирдеме ойлоп таап, өз алдынча кардиналдуу кадамдарга бара албайт. Ал фонддун чечимдерин аткаруучу орган болуп калганын айтышууда. Муну жакында премьер-министр Николай Танаев кыйыр түрдө болсо да мойнуна алып отурат.

- Бир кезде «Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын чечимдери» деген документ болоор эле. «Биз ошондой документ алдык» деп мен кечээ Тапио мырзага айттым. Ал документтин ар бир сабы биз үчүн иш программасы болчу. Биз андан оңго да, солго да чыга алчу эмеспиз. Биз ал документ белгилеген багыт менен барууга милдетүү болчубуз. Кечээ биз Тапио Саавалайнен менен бирге биздин өлкө үчүн жакынкы айларга иш планы болчу документти жараттык, – деди Николай Танаев ЭВФтин жетекчилеринин бири Аннинат мырза менен жолугушканда.

Бирок Эл аралык валюта фондунун «Кыргызстандын экономикасын талкалап салайын» деген карасанатай ниети болбосо деле керек. Анын программасы туура эмес болушу мүмкүн. Ал жергиликтүү шартты жакшы билбей, тиги же бул маселеде туура эмес чечим кабыл алып коюшу мүмкүн. Бирок Кыргызстандын экономикасы гүлдөп кетсе дегенде анын эки көзү төрт экенине шек жок. Күнөө - анын эксперттерине ойлогон оюн так түшүндүрүп бере алышпаган биздин чиновниктерде. Муну ошондой сүйлөшүүлөргө далай катышкан Улуттук банктын мурдагы төрагасы, азыркы депутат Марат Султанов бизге бир нече жолу айткан болчу. Эми гана өкмөт ЭВФ менен талашып-тартышканды үйрөнүп келе жаткан сыяктуу.

- Чынын айтсам, биздин иш татаал жолугушууларда өтүп жатат. Биз уруштук, жолугушуулардан кетип калып, кайра келип жаттык. Натыйжада биздин өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө зарыл документ жаралды. Мисалы, мурдагы күнү биз Тапио Саавалайнен мырза менен ушул жерден бири-бирибизге абдан нааразы болуп ажыраштык. Кечээ эртең менен эки жактын эксперттеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин оң натыйжага алып келчү процесстер жөнүндө бир пикирге келдик, - деди Николай Танаев ошол эле Аннинат мырза менен жолугушуусунда.

Эл аралык валюта фондунун жакында келип кеткен миссиясы биринчи жолу кыргыз өкмөтүнүн пикирине макул болуп, 2- жана 3-кварталда бюджеттин тартыштыгын көбөйтүүгө уруксат берди. Бюджет ЭВФтин эң негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болоорун айтсак, кыргыз өкмөтүнүн «жеңиши» канчалык оор болгону түшүнүктүү болот.

XS
SM
MD
LG