Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Австралия Кыргызстандагы өз жарандарына кайрылды


БИШКЕК. Австралиянын Тышкы иштер жана соода департаменти Кыргызстандагы жарандарын ар кандай террористтик актылардан сак болууну өтүндү. Мындай маалыматты бүгүн centran.ru агенттиги таратты. Анда айтылган кабарга караганда, Австралиянын бул департаменти өзүнүн жаңы кабыл алган коопсуздук инструкциясында «Кыргызстандын Ош, Баткен, Жалалабад облустарында террордук актылар болушу ыктымал экенин» эскерткен. Австралиянын Кыргызстанда элчилиги болбогондуктан, ал өз жарандарына «жеке коопсуздугуңарды өзүңөр сактоого өзгөчө көңүл бургула» деп кеңеш берген. Бирок департамент Кыргызстандын аймагында террордук аракеттерди кайсы күчтөр уюштурушу ыктымал экенин көрсөткөн эмес.

XS
SM
MD
LG