Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

ШКУнун Москвадагы саммити жыйынтыкталды


БИШКЕК. Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) кечээ Москвада өткөн кезектеги саммитинде бул уюмдун аткаруучу катчылыгына Кытайдын Орусиядагы элчиси Чжан Дэгуан бекиди. Мындан тышкары, Орусиянын, Кытайдын, Казакстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттери уюмдун Бээжиндеги катчылыгынын жана Бишкектеги антитеррордук борборунун ишин талкуулашты. Ирактагы саясий абалды талкуулоо учурунда Өзбекстандын президенти Ислам Каримов АКШнын Саддам Хусейнге каршы аскердик аракеттерин ачык колдоого алды. Ал «дүйнөлүк маселелерди чечүүнүн калыптанып калган жолдору оң натыйжа бербей калды, аны жакшыртууну ойлонушубуз керек» деген өзгөчө пикирин билдирди. Тажик президенти Эмомали Рахмонов Бишкекте жайгашкан ШКУнун антитеррордук борбору терроризм менен күрөшүүдө кечигип жатканына тынчсызданганын билдирди.

XS
SM
MD
LG