Алманиянын "Шпигель" журналында 31-майда жарыяланган маегинде Ирандын тышкы иштер министри Камал Харази - Иран өзүнүн өзөктүк программаларын токтотпойт деп билдирет. Анын айтымында, АКШ ага канча каршы чыкса дагы, аскерий эмес өзөктүк изилдөө жүргүзүүгө Ирандын толук укугу бар, анткени Тегеран өзөктүк курал чыгарууга кызыкдар эмес. Андан тышкары Харази - "Аль-Каида" уюмунун жоокерлери Иранда жок экенин да билдирет.