НАРЫН. Бүгүн Кочкор районунун борборунда АКШнын Улуттук демократиялык институтунун маалымат борбору ачылды. Анын максаты - жарандардын саясий чечимдерди кабыл алууда жана өз укуктарын билүүдө активдүүлүгүн арттыруу. Борбордун ачылыш аземине АКШнын Улуттук демократиялык институтунун Кыргызстандагы өкүлү Эмми Шульц жана Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Акылбек Жапаров катышты.