Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:59

МУРЗА АКЕНИ ЭСКЕРҮҮ, АМАН БАЙКЕНИН БАГЫ, ИДЕОЛОГИЯ УРААНЫ, ӨКМӨТ БАШЧЫНЫН ДОО АРЫЗДАРЫ


Бир жыл мурун пендечилик кылган көркөм сөз чебери Мурза Гапаровду эскерүү, Жорж Соростун Кыргызстанга келиши, өкмөт башчысынын эркин гезитке удаа берген доо арыздары, таластык журналист Аман Көчөрбаевдин багы – кыргыз басылмаларында чагылдырылган темалардын толук эмес тизмеси ушундай.

Бир жыл мурун пендечилик кылган Мурза Гапаровдун бейитине эстелик коюлду. Көркөм сөздүн таанымал чеберин «Эркин тоо», «Кыргыз туусу», «Агым» гезиттери эскеришти. «Кызыл граниттен чегилген эстелик өтө жөнөкөй жана акылмандык менен жасалыптыр, - деп жазат Шайлообек Дүйшеев «Агым» гезитинде. - Жапон элинин рухун жанындай жакшы көргөн жазуучу көзү тирүүсүндө самурай ташчыракты аябай эңсеп, «атаганат ошондоюм болсо» деп кыялданчу экен».

Кыргызстанга иш сапары менен келген Жорж Соростун соопчулук иштерин Алым Токтомушев баяндап берет. «Республикада «Сорос-Кыргызстан» фондунун жардамы тийип, жакшылыгы жукпаган тармак калган жок», - деп жазат макала автору. Соростун келишине оппозиция чоң үмүт артып отуру. «Кыргызстанда демократия жышаандары жылас болуп баратыр: аксылыктар атылган боюнча турат, оппозиция бийлик зордугу менен кынына кирди, демонстрацияга чыгуу, пикет жасоо, митинг өткөрүү өңдүү бийлик саясатына каш кайтарып, кайыр айтуу процедуралары Конституция негизинде ооздукталды, сынчыл ой айткан гезиттер биринен сала бири жабылып жатат», - дейт Алым Токтомушев.

«Урматтуу Сорос мырза! Биздин сактык аманатыбызды, мамлекеттин карылар алдындагы карызын сатып алыңыз»,- деп бир жарым миң аманатчылардын атынан Жолборс Мурзапаязов «Республика» гезити аркылуу арыз жолдоду. Гезиттин шейшембидеги санында Елизавета Лиственнаянын «Дүйнө бизди карап турат» деген макаласы чыкты. Жакында жарыяланган идеологиялык хартияга токтолгон автор аны бийликтин реформалары ташыркап калганда тапкан амалы катары баалаган.

Премьер-министр Николай Танаевдин айрым парламент депутаттарын сотко берүү көрсөтмөсүн «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы айыптап чыкты. Коалициянын пикиринде, өкмөт башчы Н.Танаев депутаттарды сотко берүү жөнүндөгү көрсөтмөсү менен саясий жоопкерсиздигин көрсөттү, мындай аракет демократия үчүн коркунучтуу. Өкмөт башчысынын «Моя столица» гезитине эки ирет доо арыз жазганы, «кол алдында иштегендердин бир күндүк айлык акысынын эсебинен 10 миллион сом топтоо аракети мыйзамга сыяр-сыйбасын иликтеп жатабыз», деп билдирет бейөкмөт уюмдар коалициясы. Коалициянын билдирүүсү 2-июндагы «Демократ» гезитинде жарыяланды.

Таластык ардагер журналист Аман Көчөрбаев Арашан айылына көчүп барып 5 миңден ашуун мырза терек, 500 түп алма, өрүк, алча көчөттөрүн тигип, дүпүйгөн бак өстүрүп жатканын шейшембидеги «Эркин тоо» гезитинде Батыркул Боромбаев маалым кылды. «Атадан мал калганча тал калсын деген эл сөзү бар эмеспи, - дейт Аман ага. - Ушул учкул сөз мага чоң жардам берди».

«Кыргыз туусу» гезитинин жаңы санында Токтогул акындын балдарынын кийинки тагдыры тууралуу Жыпар Исабаеванын макаласы жарыяланды. 1933-жылдын 17-февралында улуу акын о дүйнө салгандан кийин анын үй-бүлөсү оор абалда калган. Токтогулдун кызы Гүлсара Бишкек шаарында жашап, 60-жылдары капыстан каза болгон. Токтогул атындагы адабий музейдин башчысы Гүлсүн Алсеитованын айтымында, «музейде экспонаттарды сактоочу жай жок. Анда эмки байлыгыбыздын айласын кантип таап, кайда сактайбыз деп башыбыз ооруп турган чак».

Кыргыз окумуштуулары йод таңкыстыгын жоюу амалында «Антизоб» аттуу йоддолгон суюк туз жасашканын шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити маалым кылды. Бекем сакталган жөн тузга кошулган йоддон 3 айдан кийин изи да калбайт, йоддолгон туз кайнак сууга кошулганда сапатын жоготот. Илимпоздордун айтымында, йоддолгон суюк туздан эртең менен ачкарын бир кашык ичип коюу жетиштүү.

Шейшембидеги «Аалам» гезити «сенсация» деп, таластык аксакал Анвар Курамаевдин аянын жарыя кылды. Аянчынын айтымында, «Акаев дагы көп убакыт бийликте турат. Ал бийликти бирөөгө, керек болсо баласына да бербейт. Аянда ушундай айтылган». 31-майда Жетиөгүздө түлөө өткөнүн, касиеттүү Көлдө күн шаңкайып ачык турганын Чолпонбек Абыке уулу жазып чыкты.

Балдарды коргоо күнүндө Москвада дарыланып жаткан сиам эгиздери Зита менен Гита Резахановаларга орусиялык тележурналисттер келип, белек-бечкек, каалоо-тилектерин арнап кеткендиктерин шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити маалым кылды.
XS
SM
MD
LG