Эвиандагы саммитте Орусиянын президенти В.Путин Москва Иран менен өзөктүк өнөр жай тармагындагы кызматташтыгын уланта берээрин белгилеп, бирок Ирандын бул программасы Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин бекем көзөмөлүнө алынышы керек деп эсептээрин билдирди. Алдыңкы 8 өлкөнүн лидерлери Эвиандагы саммитте кабыл алган коммюникеде Иран менен Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар программалары эл аралык коопсуздукка коркунуч келтирип жатканы айтылган. Андан улам, бүгүн Ирандын мамлекеттик радиосу бул билдирүүнүн артында Америка турат деп маалымдады.