Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:26

КЫТАЙ – КАЗАКСТАН: КЫЗМАТТАШТЫК ЧЫҢДАЛАТ


Кытайдын президенти Ху Цзиньтао бул күндөрү иш сапары менен Казакстанда жүрөт. Айрым баяндамачылар белгилешкендей, Кытайдын жаңы лидеринин Борбор Азиядагы алгачкы визитинин максаты - Пекиндин чөлкөмдөгү кызыкчылыктарын дагы бир сыйра бекемдөө.

Кытайдын жана Казакстандын президенттери Ху Цзиньтао менен Нурсултан Назарбаевдин шейшемби күнү Астанада өткөн сүйлөшүүлөрүнүн соңунда эки тараптуу кызматташтыктын багыттарын чагылдырган бир катар келишимдер кабыл алынды. Тараптар биргелешкен декларацияга, Казакстан менен Кытайдын кызматташтыгынын 2003-2008- жылдарга эсептелген программасына, билим берүү тармагындагы кызматташттык келишимине кол коюшту. Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин айтымында, азыр эки өлкөнүн ортосунда чечилбеген маселе жок:

- Казакстан менен Кытайдын ортосунда чечилбеген социалдык, экономикалык же саясий маселелер жок. Биз бүгүн кол койгон документтердин баары, асыресе өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча беш жылга эсептелген программа биздин соода–экономикалык алакабыз мындан ары да чыңдалышына шарт түзөт.

Өткөн жылы эки тараптуу сооданын көлөмү 2 миллиард долларды түзгөн. Эми президент Н.Назарбаевдин айтымында, тараптар алдыдагы үч жылда сооданын көлөмүн 5 миллиард долларга чыгарууну көздөөдө жана бул - Казакстан үчүн маанилүү. Ал эми Кытай президенти Ху Цзиньтаонун айтымында, анын өлкөсү Казактан менен достук мамилени өнүктүрүүгө куштар, бул жерге чет өлкөлөрдөгү алгачкы иш сапарынын алкагында келип жатышынын да жүйөөсү бар:

- Мен Казакстанда, жакында Кытайдын жетекчиси болуп дайындалгандан кийин, чет өлкөлөрдөгү алгачкы иш сапарымын алкагында жүрөм. Бул - Кытай менен Казакстандын ынтымактуу коңшулук мамилеси жана кызматташтыгы жөнүндөгү маселе маанилүү экенинин белгиси. 11 жылдын ичинде президенттер Н. Назарбаев менен Цзянь Цземиндин жеке аракеттеринин аркасында Казакстан менен Кытайдын кызматташтыгы ийгиликтүү өнүктү. Буга кытай эли ыраазы.

Ху Цзиньтао белгилегендей, Кытай учурда отундун таңкыстыгын сезип жатат. Андыктан Пекин мунайга бай Казактандын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга кызыкдар. Астанда эки өлкөнүн мунай-газ компанияларынын жетекчилери Батыш Казакстандан Кытайды көздөй муунай куурун куруу үчүн биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү тууралуу келишимге да кол коюшту. Эки коңшу узундугу 3200 чакырым келген андай мунай куурун куруу ниети бар экенин 1997-жылы эле жарыялашкан болчу. Бирок долбоор экономикалык жактан өзүн актабайт деген себептен улам бул багыттагы иштер токтоп калган эле. Эми тараптар ага кайрадан киришкен жатат.

Энергетика тармагында Астана менен Пекин буга чейин эле кызматташып, Кытайдын улуттук мунай компаниясы Казакстанга 700 миллион доллар инвестиция салган. Казакстандын мунай өндүрүүчү үчүнчү ири компаниясы - "Актөбөмунайгаздын" акцияларынын бир бөлүгү кытай тарапка тиешелүү.

Ху Цзиньтао Казакстандагы иш сапарын шаршемби күнү аяктап, андан соң Кытайдын дагы бир коңшусу - Монголияга барат. Айрым баяндамачылар Кытайдын жаңы мамлекет башчысынын Борбор Азиядагы алгачкы визитин Пекиндин чөлкөмдөгү кызыкчылыктарын дагы бир сыйра бекемдөө катары баалашты. Казакстандагы Орусия жана Кытай институтунун директору Камал Бурхановдун пикиринде, Кытайдын жетекчилигине жаңы муундагы саясатчылардын келиши менен Пекин Борбор Азиянын иштерине жандуу аралаша башташы мүмкүн. Себеби алар өз өлкөсүн эл аралык саясаттагы башкы оюнчулардын бири деп эсептешет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG