Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Хиллари Клинтондун көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан китеби дүйшөмбүдө сатыкка түшөт


"Жашоо баяны" аттуу эскерүүлөргө негизделген китебинде АКШнын мурдагы президенти Бил Клинтондун жубайы Хиллари айым күйөөсүнүн Ак үйдүн стажеру Моника Левински менен жакын мамилеси ачыкка чыкканда башынан өткөргөн оор күндөрүн, көңүлү чөгүп ооруганын кең-кесири баяндаган. Вашингтондук басмакана экс-президент Клинтондун жубайына жаңы китеби үчүн 8 млн долларлык калем акы белгилеген. Америкада 1 млн нускада жарык көргөн Хиллари Клинтондун китебин которуп-басуу укугун азыркыга дейре 16 өлкө сатып алышты, басмакана өкүлдөрү экс-президент Билл Клинтон өзү да эскерүүлөрүн кагазга түшүрүп жатканын билдиришти.

XS
SM
MD
LG