Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Финансы министрлиги ачык маалымат саясатын жүргүзүүгө өттү


БИШКЕК. Кыргызстандын Финансы министрлиги өзүнүн маалымат саясатын өзгөрттү. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министри Болот Абилдаев билдирди. Анын айтымында, министрлик өзүнүн кыргыз, орус жана англис тилинде чыгуучу Интернет-баракчасын ачып, анда мекеменин ишин ачык чагылдырууга аракеттенүүдө. Ушул эле маалымат жыйынында министрдин биринчи орун басары Эмирлан Төрөмырзаев Кыргызстандын негизги 14 кредитору бар экендигин, министрлик карыздарды жоюу боюнча алар менен Париж клубунун протоколунун алкагында сүйлөшүп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, 11 кредитор менен макулдашууга кол коюлду. Өзбекстан жана Индия менен макулдашууларга болсо кол коюлганы турат. Пакистан жана Кувейт менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Карыздарды жоюу боюнча сүйлөшүүлөр быйыл аяктайт.

XS
SM
MD
LG