Чеченстанга жакын аймакта орус аскерлери түшүп бараткан автобус жардырылып, белине бомба байланган жанкечти аял жана дагы 15 адам набыт болушту. Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Борис Дзгоев Моздоктогу авиабазага бараткан автобуста өлгөндөрдүн жетөө аскер кызматындагылар, калгандары ал базаны тейлеген жергиликтүү тургундар болгонун, алардан башка дагы 10дон ашуун адам жаракат алганын маалымдады.