Банктын айтымында, бул каражат Ооганстандын элет жериндеги калкынын эң зарыл керектөөлөрүнө жумшалат. Насыяны бөлүп берип жатып, тараткан билдирүүсүндө банк элеттик оогандардын саламаттык көрсөткүчтөрү дүйнө боюнча эң начарлардын бири экенин кошумчалады. Банктын айтымында, акча Ооганстандын саламаттык сактоо министрлигине ымыркай балдар менен энелердин жана балдардын өлүмүн азайтууга, балдардын арасындагы ачарчылыкка каршы чара көрүүгө жардам берет.