Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

КҮЧ АТАСЫН ТААНЫБАЙТ


Кыргыз эли илгертен эле балбандарын барктап, күрөш өнөрүн аздектеп келген. Атагы алыска тараган даңазалуу Кошой, Тайлак, Кожомкул, Бөлтүрүк, Аксакал, Теке, Төө балбан өңдүү алптар кыргызды учурунда таанытса, кийинки жаштар алардын мурастарын татыктуу улантып келүүдө. 6-июндан баштап кыргызстандык балбандар Индиянын Дели шаарында Азия чемпионатында намыс талашып жатышат. Бирок, айрым мыкты балбандар Индияга барбай калышты.

Эркин күрөш Кыргызстанда 1955-жылдан бери өнүгө баштаган. Ошондон бери өлкөнүн чемпионаттары өткөрүлүп келатат. Жакында эле Кожомкулдун байгесине арналган эл аралык мелдеште Кыргызстандын балбандары чеберчилигин көргөзүштү. Бул мелдеште сынга толгон, даярдыгы мыкты жигиттерден тандалма команда түзүлүп, Азия чемпионаттарына баруу укугуна ээ болушкан. Алар Азия чемпионаттарына барыш үчүн Орусияда машыгуу этабын өткөрүшүп, Дагестандагы эл аралык мелдешке да катышкан. Табында турган балбандардан XII Азия оюндарынын коло байгесинин ээси Нурдин Дөңбаев Кожомкулдун мелдешинде колун кокустатып алган. Ошентип Кыргыз спорт комитети Азия чемпионатына катышууга каражатты өз убагында жана толук бербегендиктен, 8 балбандын ордуна 4 жигит гана Индияда 6-июндан баштап күч сынашууда. Алар - жаштар арасындагы дүйнө чемпиону Надырбек уулу Улан, жаштар арасындагы Азия чемпиону Табылды уулу Сүймөнкул, Пусанда өткөн XIV Азия оюндарынын күмүш байгесинин ээси Алексей Крупняков жана Талант Жекшенов. Кыргызстандын намысын ушулар коргоп жатышат. Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Алмаз Эргешовдун каражат маселеси чечилбей, Делиге барбай арманда калды. Бул Индияда өтүп жаткан XVI Азия чемпионатында эркин күрөштөн кыз-келиндер да мөрөй талашууда. Бул чемпионатка кыргызстандык атактуу балбан кыз - Азия чемпионатынын 3 жолку коло медаль ээси, Пусандагы XIV Азия оюндарынын коло байгесин уткан Янна Панова жана таланттуу кыргыз кызы Жылдыз Эшимова спорт чиновниктеринин жана улук машыктыруучу Эдуард Линин кайдыгерлигинен улам барбай калышты. Янна Панованын устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Таалай Каюмов бул туурасында мындай деди:

- Мен Яннанын алтын медаль жеңип, Азия чемпиону болооруна ишенгем. Себеби, абдан жакшы даярдык көргөн элек. Мурда ал 72 кг. салмактагы кыздар менен күрөшүп жүрчү. Биз документтерди өз учурунда улук машыктыруучу Эдуард Лиге берген элек. Ал Индияга өз убагында виза ачпай коюп, документтер даярдалбай калыптыр. Ошондой эле кайдыгерликтен Жылдыз Эшимова да жапа чекти. Чемпионатка даярданууга да каражат берилген эмес. Кимдер бараары да анык болбой, акыркы күнү гана айтылды. Азия чемпионатына Кыргызстандан 20 балбан барышы керек болсо, алардын жарымына гана каражат бөлүнүп, мыктылары барбай калышты.

Чынында бул Азия чемпионатында Янна Панова 67 кг. салмакта алтын же күмүш медаль утуп келиши толук мүмкүн эле. Себеби, ал мурда өзүнөн оор, 72 кг салмактагылар менен күрөшүп жүрчү. Бул жолу мыкты даярдык көрүшүп, салмагын да түшүрүп, табына келип турган учуру эле. Ошентип, Кыргызстандын спорт жетекчилери колдогу алтынды барктай албай, балбан кыздын шагын сындырып коюшту. Эгер мындай мамиле улана берсе, Янна Панова башка өлкөлөргө, айталык, Казакстанга, Орусияга же Өзбекстанга кетип калышы толук ыктымал. Бул жөнүндө Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин спорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Алик Бабаев мындай деди:

- Чынында каражат маселеси чечилбей, айрым балбандар Азия чемпионатына барбай калышты. Ал эми Янна Панованын барбай калышына улук машыктыруучу Эдуард Ли менен анын устаты Таалай Каюмовдун да күнөөсү бар. Таалай учурунда көзөмөлдөп, Эдуарддан талап кылышы керек эле. Экөөнүн тирешүүсүнөн мыкты спортсмен кыздар жабыр тартышты. Бул маселени спорт комитетинин коллегиясында карап, тийиштүү чара көрөбүз.

Ушул эле Делиде эркин күрөш таймаштары бүтөөрү менен грек-рим күрөшү боюнча да Азиянын чемпионаты болмокчу. Мында Кыргызстандын намысын атактуу балбандар: жаштар арасындагы дүйнө чемпиону, Азия оюндарынын коло байгесинин ээси Уран Калилов, уландар арасындагы дүйнө чемпиону Канат Бегалиев, Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн XIV Азия оюндарынын күмүш медаль ээси Данияр Көбөнов, жаштар арасындагы Азия чемпиону Жанарбек Кенжеев жана Максат Убукеев коргоп, кыргыз туусун көтөрүп, өнөрүн көрсөтүшөт. Ал эми кыздардан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын таймаштарына Кыргызстандан жалгыз Элвира Расулова гана катышууда. Ошондой эле Азия чемпионатына расмий чакырылган Кыргызстандык экстра-класстагы калыс Кочкорбек Кулматов каражаттын жоктугунан Делиге бара албады. Жеңүүчүлөр 10-июнда гана анык болмокчу.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG