Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

КЫРГЫЗСТАН ЭРКИН ӨЛКӨЛӨРДҮН КАТАРЫНА КИРЕБИ?


6-июнда эл аралык «Freedom House» уюмунун Кыргызстандагы укук коргоочуларды колдоо программасынын бет ачаар аземи болду. Ага эл аралык уюмдун жетекчилери, кыргызстандык укук коргоочу бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер катышты. Жыйында сөз эркиндиги, адам укугунун сакталышы, коррупцияга каршы күрөш маселелери талкууга алынды.

«Трибуна» гезитинин кабарчысы Улугбек Бабакуловдун пикиринде, Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалын жакшы деп айтыш кыйын. Эркин басылмаларды ооздуктоонун эки ыкмасы – сын макалалар үчүн соттон миллиондогон сомдук айыппул салуу, эркин басылмаларды каржылык жактан кысмакка алуу кийинки жылдары өзгөчө оожалып кетти.

- Анын мисалы катары «Моя столица» гезитин айткым келип туру. Миллиондогон айыппулдарды көтөрө албай гезит жабылуу коркунучунда. «Трибуна» гезитинин редакциясында болгон буюмдун баарын уурдап кетишти. Басылма өкмөттөгү коррупция тууралуу материалды басууга даярдап жаткан. Мына ошол документтер уурдалды,- деди Улугбек Бабакулов. Анын айтымында, кыргыз-өзбек чек арасында кыргызстандык журналисттерди өзбек чек арачылары тосуп, акча талап кылышат.

- Кыргызстандын бир жеринен экинчисине өзбек чек арасы аркылуу өтүп баратканда мени, айрым кесиптештеримди өзбек коопсуздук кызматтары токтотуп «силер биздин өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирип, Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн уратыш үчүн иштеп жүрөсүңөр» деп айыптап, эптеп акча өндүрүп алууга далалат кылышат, - дейт Улугбек Бабакулов.

Ош шаарындагы «Сулайман нуру» коомдук бирикмесинин өкүлү Садыкжан Махмудовдун айтымында, республиканын түштүгүндө айыптуу деп шектелгендерди убактылуу кармоо жайындагы абал өзгөчө оор.

- Карасуу шаарындагы убактылуу кармоо жайынын абалы бизди абдан таң калтырды, - дейт Садыкжан Махмудов. - Норма боюнча 5-6 адам турчу камерада 16га чейин киши турат. Болгону 13 чарчы метр камерада уктамак тургай, отурганга жай жок. Бир-экөө тикесинен туруп, орун жеткени отуруп, калганы уктайт. Мындай жерде кыйноо-кыстоо тууралуу айтпай деле койгон оң. Алдагыдай абалга туш келген адам андан эртерээк кутулуш амалында баарына кайыл болуп калат.

«Акыйкаттык» укук коргоо уюмунун жетекчиси Валентина Гриценконун маалыматына караганда, Жалалабад облусунда тергөө абагы да жок.

- Ошондон улам адамдар 72 саат гана кармалчу убактылуу кармоо жайында жылдап отурушат. Камера тар. Бир жылдан ашуун бит менен бүргөгө таланып, кене басып, кордук көрүп ачка отурган адамдардын абалы өтөле оор. Айрым жерлерде бир күнгө бир нан, кайнак суу беришет. Мындай жайда узакка кармалыш - кыйноонун өзү, - дейт Валентина Гриценко.

Батыш өлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрү Кыргызстандагы адам укугунун сакталышы, сөз эркиндиги жаатында кеп болгондо аны Өзбекстан менен Түркмөнстанга салыштырууну жакшы көрүшөт. Эл аралык «Freedom House» уюмунун аткаруучу директору Женифер Уинсдордун айтымында, республикадагы абал мактанарлык эмес.

- Жыл сайын «Freedom House» дүйнө боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгын жарыялап турат. Анын биздин веб-сайттан алып окуса болот. Кийинки иликтөөнүн жыйынтыгында Кыргызстан эркин эмес өлкө деп аталды. Туура, Өзбекстан менен Түркмөнстанга салыштырмалуу Кыргызстандын рейтинги жогору. Анткен менен адам укугун сактоо боюнча ийгиликке жетишкен башка өлкөлөргө салыштырганда Кыргызстан артта. Мунун залакасы тийбей койбойт. Кошмо Штаттардын өкмөтү адам укугунун сакталышы боюнча алдыңкы өлкөлөргө жыл сайын сыйлык берип келет. Президент Буштун администрациясы мыйзам чегинде адам укугунун сакталышы жана коррупцияга каршы күрөш боюнча өлкөлөрдүн алдыңкысын тандайт. Быйыл Кыргызстандагы жагдай мындай стандартка жооп бере албайт. Бирок кыргыз өкмөтү мындай стандартка жетүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбашы керек. Биз өкмөт жетекчилери менен сүйлөшкөнүбүздө да ушуну айтабыз, - деди Женифер Уинсдор айым.

Эл аралык уюм мындан ары да кыргызстандык укук коргоочуларга колдоо көрсөтө тургандыгы жыйында ачык айтылды.

XS
SM
MD
LG