Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:26

ПАРЛАМЕНТ ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАРДЫН ЗЫЯНЫН ЖОЮУ ИШТЕРИНИН ЖҮРҮШҮН КАРАДЫ


6-июнда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өкмөттүк сааттын алкагында өлкөдөгү табигый кырсыктар алып келген зыяндарды четтетүү жана кырсыктардын алдын алуу туурасында премьер-министр Николай Танаев баш болгон өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматын укту.

Табият кырсыктары алып келген зыяндарды жоюу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарына адегенде өкмөт башчысы Николай Танаев маалымат берди. Анын айтымында, Ош жана Жалалабад облустарындагы жер көчкүдөн жабыркагандарга өкмөт колдон келишинче жардам көрсөтүүдө. Кышка чейин алардын баары үйлүү болот. Бул үчүн Орусиядан келе турган 50 курама үй да кошумча жардам иретинде пайдаланылат.

- Өлкө боюнча дагы 1900 үй-бүлө көчүрүлүүгө тийиш. Алар жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон жерлерде жашап атышат. Бул иштерди жүргүзүш үчүн 100 млн. сом өлчөмүндө насыя бөлүнөт. Ал эми дүйшөмбүдөн тартып министрликтердин бюджети кыскартылып, андан бошогон акча табият кырсыгын жоюуга жумшалат, - дейт Николай Танаев.

Андан кийин өкмөт башчысы, экология жана өзгөчө кырдаалдар министри, Ош, Жалалабад облустарынын губернаторлору депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Депутат Адахан Мадумаров Каратарык жергесиндеги 38 адамдын өмүрүн кыйган көчкүдөн жабыркагандарга кайтарымсыз кредит бөлүүнү сураганда, өкмөт башчысы алардын туугандарына бекер үйлөр курула баштаганын маалымдады.

Кыргызстанда жер көчкү менен суу ташкындан тышкары, жер астындагы суунун көтөрүлүшү да олуттуу проблемаларды жаратып жатканын жана ушундай абалда калган Түп районундагы айылдардын проблемалары начар чечилип жатканын депутат Жангороз Каниметов айтып чыкты. Ага жооп берген министр СатыбалдыЧырмашев Кыргызстандын 285 айлынын астынан суу чыгып жатканын кабарлап, мындай абалдан чыгыш үчүн 1 млрд. сом керектигин, ошондуктан бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер жетишсиз болуп жатканын билдирди. Ал жергебиздеги уу калдыктарын зыянсыздандырыш үчүн кеминде 30 млн. доллар керек болоорун, бирок каражаттын жетишсиздиги кендирди кесип жатканын айтты. Министрдин маалыматы боюнча, Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2003-жылкы бюджети 300 млн. сомду түзөт. Анын 160 млн. сомдон ашыгы министрликтин кызматкерлеринин айлык акысына жана башка керектөөлөргө жумшалат. Ал эми күтүүсүз кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу иштерине 130 млн. сом гана калууда. Ушуга байланыштуу депутат Марат Султанов өзгөчө кырдаалдар үчүн 1,5% салыктын жылдык топтому 730 млн. сом болоорун айтып, бул сумманы министрликке толук берүүнү сунуштады. Бирок жыйынга катышып отурган финансы министри Болот Абилдаев ал мүмкүн эместигин, андай болгон күндө мамлекеттин тышкы карыз өңдүү башка милденмелери каржыланбай калаарын эске салды.

Депутаттардын көтөргөн дагы бир маселеси мектептер болду. Парламентте айтылган маалыматка караганда, өлкө боюнча 5 айылда балдар чатырларда окуп жатышат, андан тышкары бир катар мектептер бузулуу алдында турат. Бул маселе да каражатка жараша чечилээрин Сатыбалды Чырмашев билдирди. «Каражат жетишпей жатат» деген жоопко карата депутат Марат Султанов экология боюнча фонддорго көп каражат жумшалып жатканын айтты. Ал мисал катары «Ысыккөлгө кире бериш жерге 15 млн. сомго экологиялык бекет куруунун канчалык кажети бар эле?» деген суроону койду. Бирок ага оңдуу жооп берилген жок.

Суроо-жооптун соңунда өкмөттүк саатты даярдаган Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук комитетинин төрагасы Исмаил Исаков кабыл алына турган токтомго 1,5% салыкты Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине толук берүү, табият кырсыктарын алдын алуу иштерин күчөтүү тууралуу жазууну сунуш кылды. Анын сунушу колдоого алынды. Ошентип, өкмөттүн маалыматын эске алып, сентябрь айында жасалган иштер боюнча отчет угууну белгилеген токтом кабыл алынды. Токтомдо мониторинг иштерин күчөтүү, ссуда жана башка каражаттарды өз убагында берүү ж.б. өкмөткө сунуш кылынган. Айтмакчы, 2003-жылдагы табигый кырсыктардын зыяны так аныктала элек. Бирок алар ондогон миллион сом болоору азыртан эле анык болууда. Маселен, Ош облусунун эле жол, көпүрө, энергетика, байланыш обьектилери, суу курулуштары тарткан зыян 30 млн. сомдон ашат. 60 үй бузулуп, 450 үйдү суу каптаган. Андан 4 миң адам жабыркаган. Акыркы маалыматтар боюнча, президент А.Акаев кырсыктан жабыркаган түштүк регионуна жекшемби күнү барып, зыян тарткан объектилерди калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG