Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:51

Казакстан өзбек, тажик жана кыргыз мигранттарын Кыргызстанга депортациялады


БИШКЕК. Казакстандын Алматы шаарынан депортацияланган 140ка жакын кыргызстандык, тажикстандык жана өзбекстандык жарандар азыр Кант райондук ички иштер кызматынын карамагында кармалып турушат. Алардын бүгүн «Азаттык» радиосунун кабарчысына айткандарына караганда, казак бийлиги «өлкөнүн ички мыйзамдарын бузду» деген негиздеме менен аларды 6-июндан 7-июнга караган түнү чек ара аркылуу Кант шаарына жеткирген. Бул түнү Казакстандын аймагынан жалданып иштеп, базарларда соода кылып жүрүшкөн 580 киши 7 автобус менен чыгарылган, бирок, алардын көпчүлүгү чек арадан өткөндө туш келди тарап кетишкен. Ушул эле күнү Тышкы иштер министрлигинин миграция боюнча департаментинин башчысы Зафар Хакимовдун билдиргенине караганда, бул маселе боюнча Казакстандын Тышкы иштер министрлигине нота даярдалууда. Депортацияланган өзбек жана тажик жарандарын мекенине кайтаруу боюнча бул өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчиликтери териштирүү иштерин башташты.

XS
SM
MD
LG