Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:45

КАЗАК МИЛИЦИЯСЫ КЫРГЫЗ, ТАЖИК ЖАНА ӨЗБЕК ЖАРАНДАРЫН КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖЕРИНЕ ДЕПОРТАЦИЯЛАДЫ


Жумадан ишембиге караган түнү казак милициясы Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын Алматыда убактылуу эмгектенип жүргөн жарандарын кыргыз жерине депортациялады. Депортацияланган 140ка жакын адам учурда Кант шаардык милиция кызматынын маңдайындагы клубга жайгаштырылды.

Казак тартип коргоо органдары 7-июнда түнкү саат бирден өткөндө Кант шаарынан беш-алты чакырым алыстагы талаага беш автобус менен алып келип, 138 кишини таштап кеткен. Аларды түн ичинде Кант шаардык милиция кызматкерлери жакын жердеги шаардык клубга жайгаштырып, нан, суу берип камын көргөн. Депортацияланган адамдардын ичинде кыргыз, тажик, өзбек жарандары бар. 7-июнда таң эрте Кантка Тышкы иштер министрлигинин миграция боюнча департаментинин башчысы Зафар Хакимов баштаган топ келип, бул адамдардын Казакстанга кандай барып, кандай шартта депортация болгонун териштире баштады. Аны менен катар Тажикстандын, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиликтеринин кызматкерлери да Кантка келип, өз жарандарынын маселесин чечүүгө киришти.

Депортацияланган кыргыз жарандарынын саны 50дөн ашуун. Алардын жарымы Алматы шаарында соода кылып жүрсө, дагы бир бөлүгү курулуш иштерине барышкан. Кандай шартта депортацияланганын кыргыз жараны Манасбек Мырзалимов айтып берди.

- Кээ бирөөлөрүбүздү жумуш ордунан, башкасын жашаган жеринен кармап кетип, үч күн камап, төртүнчү күнү бул жакка алып келип таштап кетишти. Ал жерде ишибиз, товарларбыз калып кетти. Алар эмне болоорун билбейбиз, - деди Манасбек Мырзалимов.

- Бизди «облава» деген немеси жүргөндө кармап, эки күн камап жатып, анан кийинки түнү ээн талаага алып келип таштап кетишти, - дейт депортацияланган дагы бир кыргыз жараны Турдукан Абишева. Курулуш иши үчүн барган адамдар атайын эмгек келишими менен баргандарын, бирок ага карабай депортацияланганын алардын аксакалы, Ноокат районунун тургуну Зайлобидин Гуламов төмөнкүчө билдирди:

- Биз келишим менен документалдуу түрдө 20 киши барганбыз. Алардын ону кыргыз, ону өзбек. Фирманын колунда иштедик. Ишке чейин агенттикке барып, документтерди каттоого коюп, ал үчүн тийиштүү акча төлөгөнбүз. Фирманын чоңу паспортторубузду топтоп алган. Анан бизди милиция кармап кетти. Эми паспортубуз да жок, айлыгыбыз да жок, ач-жылаңач калдык. Эми үйгө кантип кетээрибизди билбейбиз. Кээ бирөөлөрүбүздүн бут кийими да жок.

Кыргыз жарандарынын айтымында, Алматыдан депортациялангандар жалпысынан 580 киши болгон. Алардын бир бөлүгү ошол жерде акча берип калса, дагы бир тобу кыргыз-казак чек арасында калган. Алматыда убактылуу абакта отургандардын саны да абдан арбын. Ишембинин түнүндө болгон депортацияны миграция департаментинин башчысы Зафар Хакимов мындайча баалады:

- Буларды мындай түрдө алып келгени кошуналыкка да, цивилизациялуу мамилеге да жатпайт. Албетте, кандай тартип орнотсо ар бир мамлекеттин өзүнүн ички иши. Бирок ал жөнүндө кошуна мамлекетке маалымат берип коюш керек. Тилекке каршы, Казакстан бизге эч кандай маалымат берген жок. Биз эми нота жиберебиз. Мындай депортациялоо эч кандай эрежеге сыйбасын айтабыз. Тажикстандын жана Өзбекстандын жарандары өз элчиликтерине кайрылып, ал жерден тийиштүү документ алып, мекенине жиберилет.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG