Алтымыш эркеч майына
Кыш бышырып бек урган.
«Алты кылым өткөнчө
Бузулбасын» деп урган.
Жетимиши эркеч майына
Кыш бышырып, бек урган.
«Жети кылым өткөнчө
Бузулбасын» деп урган.
Бетине накыш салдырган,
Кышын күлботодон алдырган.
Топурагын элеген
Ылайын чыраштан салып бөлөгөн.
Кумданга кыш бышырган,
Кышы бекем болсун деп,
Кенчи ылайдан төшөгөн,
Ылайын баскан ат менен,
Бетине накыш салдырган.
Арабиден кат чийип,
Устасын ылай элеткен.
«Урум журту билбейт» деп,
«Бекем болуп турсун» деп,
Кенчи ылай менен бек урган,
Уста салып кыш куйган.
Балык күлгүндөй кырчын курагын, айтуучулук, акындык шыгынын ашып-ташып, көбүрүп-жабырып турган учурун Кеңколдун башындагы Алакчын уруусунун Шабото уругунан чыккан Шантай аталган Ажыбек манап менен өткөрөт.
1830-жылы Балыкты Байтик баатыр Ажыбек даткадан ырчылыкка сурап алат. Ал жакшылыктан башка жаманчылыгын көрбөгөн Ажыбекке барып:
Манасты мактап отурам,
«Мактап айтты» дебеңер,
Ажыбектей атамды
Жаныма алып отурам.
Суу сураса, бал берген,
Суусар энем аман бол!
Ат сураса төө берген,
Ажыбек атам аман бол!
Топурак бел, шыбак бел,
Тооң менен аман бол!
Кызыладыр, Эчкилүү
Кыркаң менен аман бол!
Кошпо кайыр сулуусун,
Коштошорго тилим жок,
Кошуң менен аман бол! - деп коштошот. Ажыбек да Балыкты аттап-тондоп узатат. Барган жеринен да бакыбат жашашын, кадыр-баркы артышын каалап, батасын берет. Ал эми улуу башын кичик кылып чакырган Байтик да Балыкты кучак жая сый-сыпат менен тосуп алат. Залкар шайыр айткан «Манасы», ырдаган ыры, адамкерчилиги менен Байтик баатырга жагып, аны менен акылдаш, танапташ жашайт. Ал Байтик менен чоң жыйындарга, топторго, аш-тойлорго катышат.
Балык сөзгө чечен, туура сөздүү, ачуу тилдүү болгондуктан, кыргыз акындары Балыкты көрүшкөндө «кайсы жерден айып табат» дешип калтаарып, дирилдеп турушчу экен. Ал кандай гана шартта, кайсыл гана курактагы (жаш, карысына карабай), кимдин (байдын, манаптын, хандын, бийдин ж.б.) ырчысы болбосун, ага карабай ачык айтып, туздап ырдачу экен. Арийне, бүгүнкү окурмандарга Балыктын кандай азуулуу акын экендигинен кабар берген аксылык Алымкул, жумгалдык Айтике менен айтышкан эки алым-сабагы келип жетти.
Айтике:
Балыкооз–Бекмурат,
Байкабай жаман кепти урат.
Кара комок тезектей
Көч көңүңдү айтамын.
Ак тасмадай сыдырып,
Аягы Талас, башы Чүй
Бирин койбой кыдырып,
Көчкөнүңдү айтамын.
Чоңойгондо жуттуң Чомойду,
Карыганда жуттуң Нанайды.
Кабат жуттуң Нанайды.
Кабат жуттуң солтодон
Эшкожо менен Канайды.
Солтонкулду чокудуң,
Башына куран окудуң.
Субанымды сураба,
Ачык күнү тутулду.
Кара болот, Шааболот
Ырысынын барынан
Кабакка кирип кутулду.
Кудаярды куруттуң,
Ажыбекти аймадың, - дегенде Бекмурат:
Кудай алган Айтике
Кукчуңдайсың жөнү жок.
Өлгөндүн несин кеп кылдың?
Өчкөндүн несин кеп кылдың?
Аягы Талас, башы Чүй
Бирин койбой кыдырып,
Көчкөндүн несин кеп кылдың?
Кара сууну кыдырып,
Казак көчкөн эмеспи?
Сары сууну кыдырып,
Ногой көчкөн эмеспи?
Жалгыз аттуу сен тургай,
Жалгыз үйлүү мен тургай,
Кечээ Туруш, Чомой көчкөн эмеспи?
Сен кызыл тил бурасаң,
Кызыталак Айтике,
Менин элим сурасаң,
Кайкардын кара көчүндө,
Чоң чынардын өзүндө
Манастын тиккен багында,
Кеңколдун маңдай жагында! - деп жооп бериптир. Балыктын жогоруда аттарын атап, азыноолак ой жүгүрткөн мурастарынан башка да азыркы муундун окурмандарына төрт мезгилге арнап чыгарган чакан ырлары келип жетти. Залкар шайыр 1873-жылы Чүйдүн Арчалуу деген жеринде дүйнөдөн кайтат. Сөөгү Байтиктин Бозбөлтөгүнө коюлат. Совет доорунда Балык байчыл акын катары бааланып, мурастары тебеленип, калк арасынан жыйналбай калган. Азыр болсо окумуштуулар «өкүнөсүң каласың, өткөндү кайдан табасың» болуп атышат.