Тургунбек Бекболотовдун жаңы китеби бүгүнкү күндүн күрөө тамырын тыңшап, адилетсиздикке күйүп-жанып, элдин, Атажурттун тагдырына кабатырланат, боор толгойт. Адамгерчиликтин, достуктун, сүйүүнүн изги кунун жүрөктөн сызылта ырдайт. Акын Атажурт тууралуу ырында:
Уурдатып убадага жылдарыңды,
Атажурт, билем, ооруп турганыңды.
Жан тартып жакшы сөздү айтамын деп,
Жараңдын оозун кайра тырмадымбы?
Көбөйүп көкүрөгү бечелдериң,
Кертилип кете берер бекен жериң?
Мезгилдин кан тамырын кармай албай,
Мертинтип алабызбы мекен белин?
Атажурт, дарт-арманың ичиңдеби?
Үмүттүн оңой эмес үзүлмөгү.
Кылымдын көчү кайда бара жатат,
Тагдырлар устаранын мизиндеби? - деп сызып, канча бир жылдарын куру убадага уурдатып, Мекен тагдырын калчаган бийлик башындагылардын өзүмчүлдүгү менен башкаларга кесилип берилип жаткан жерин жоктоп турган Атажурттун бүгүнкү келбетин тартат. Анан «Исхактын арманы» деген ырында жогорудагы ойду мындайча улантат:
Када болуп дүйнөгө тураар ким бар?
Калкым үчүн кайрылып жүз өлгүм бар.
Кынсыз кылыч байланып, туу көтөрүп,
Кыр-кырлардан куюлуп түшөр күн бар.
Кемелине келер эл, өтөөр жылдар,
Көңүл өсүп, качандыр кетер муң-зар.
Көкүрөктө көрөңгө түгөнбөсө,
Көксөгөнгө кыйкырып жетер күн бар.
Акын Тургунбек Бекболотовдун ушундай маанайдагы Атажурттун бүгүнүн, эртеңин күңгүрөнө күүгө салган «Аксы ыйы», «Тобокелдик кылалбай», «Үшкүрүк», «Каткан чындык чындыкпы?», «Элиңе сен бүгүн керексиң» жана башка көптөгөн ырларын атасак болот.
Акындын «Муздак тамчылар» жыйнагына «Өз чыйыры бар акын» деп баш сөз жазган белгилүү акын, Алыкул Осмонов сыйлыгынын ээси Анатай Өмүрканов мындайча баа берет:
- Акын Тургунбек Бекболотовдун ырлары кандай темада, кандай багытта жазылбасын, өзүнчөлүккө ээ. Көркөм каражаттар менен шөкөттөлүп, ары жугумдуу, ары элестүү, ойлорго бай. Тилинин кимге да болбосун түшүнүктүүлүгү, жөнөкөйлүгү, нукура турмуштуулугу окурмандын кумарын кандырат. Анткени анын ырларында азыркы турмуштун күрөө тамыры Талас дайрасындай күрпүлдөп буркан-шаркан түшүп, лакылдап согот. Акындын ырларынын дагы бир касиети – чынчылдыгы. Ырда учкан куштай уйкаштыктан тышкары, улуттук арнамыс, улуттук уят болуш керек, а бул өзгөчөлүк Тургунбектин ырларынын негизин түзөт.
Акын оомал-төкмөл Дүйнө-Өмүрдү сегиз саптан турган «Абат дүйнө» ырына мындайча батырыптыр:
Сапырылып үмүттүн айрыктары,
Үзүл-кесил кусалуу кайрыктары,
Кызыктырып келет да кымгуут дүйнө,
Кыябына келалбай кайрыйт нары.
Булут тилип этегин жаман күндө,
Айдап чыккан ак шоола агат түнгө.
Кылым бүтүп, кайрадан жашармакчы,
Азгырмалуу, ажайып, абат дүйнө.
Бүгүнкү күндүн сүрөтүнөн акындын базардагы келин жөнүндө ыры:
Келин элең бир укмуш, келин элең,
Барга көппөй, жок болсо кемибеген.
Көк базарга олтуруп калыптырсың,
Көр турмуштун сен дагы жеми белең?
Бул төрт эле сап ырдан келиндин мурдагы бактылуу турмушун, учурдагы түйшүгүн, ой-санаасын жана эртеңки бүдөмүк тагдырын көрүүгө болот.
Акын Тургунбек Бекболотовдун поэзиясындагы чынчылдыкты, көшкөйлүктү, ыймандуулукту белгилөө менен бирге акындын ыр жаратуудагы аз сөз менен көп ойду айтууга умтулган чеберчилигин да белгилегибиз келет. Сөз соңунда акындын бул китебинин басмадан басылып чыгышына Кыргыз Республикасынын Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болот Шерниязов демөөрчүлүк кылганын да айта кеткибиз бар.