БИШКЕК. Бүгүн Ысыккөлдө «Эл аралык өнүгүү долбоорлору жана алардын ишке ашырылышын көзөмөлдөөдө коомчулуктун орду» деген темада өткөн эки күндүк семинар өз ишин аяктады. Анда эл аралык уюмдардын финансылык колдоосу менен постсоветтик республикаларды экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу талкууланды. Семинарда айтылгандай, азыр Шериктештик өлкөлөрүндө саясий партиялар, коомдук жана бейөкмөт уюмдар, маалымат каражаттары жана жарандык коомдун башка өкүлдөрү эл аралык өнүгүү программаларын ишке ашырууга аз катышып, жетишсиз көзөмөл кылышат. Жарандык коом бул багыттагы өзүнүн укуктары жөнүндө көбүнесе кабардар эмес. Ысыккөлдө өткөн жыйынга Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн бир катар бейөкмөт уюмдарынын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Ыссыккөлдө эл аралык өнүгүү программаларынын ишине жарандык коомдун катышуусу талкууланды