Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:05

Пауэлл менен Райс АКШнын Ирак саясатын жактап сүйлөштү


АКШнын Мамлекеттик Катчысы Колин Пауэлл жана улуттук коопсуздук кеңешчиси Кондолиза Райс "Буштун администрациясы Ирактын куралы келтирген коркунучту атайылап көбүртүп-жабырткан" деген айыптоолорду четке кагышты. Алар "эл аралык коомчулук Ирактын массалык кыргын куралы бар деп бекем ишенген, чалгын кызматтары бул жөнүндө туура маалымат берип келатышат" деп ырасташты.
Пауэлл Ирактын мындай куралы табылганча, чыдап турууга чакырды.
Иракта согуш бүтсө да Буштун администрациясы айткан курал алигиче табылбаган соң, бүткүл дүйнөдө "АКШ согуш ачыш үчүн, бурмаланган же тескери чалгын маалыматын колдонгон" деген сын пикир күч алууда. Британиянын өкмөтүнө да ушул эле доомат коюлуп жатат.

XS
SM
MD
LG