Болгон окуяларды дүйнөнүн 34 тилинде жаап-жашырбай, болгонун болгондой баяндап келаткан «Азаттык» радиосунун жарым кылымдык мааракеси Чехиянын башкалаасы Прагада чоң салтанат менен өткөнүн шейшембидеги «Республика» гезитинде Замира Сыдыкова жазды. «Белгилүү коомдук-саясий ишмерлер катышкан ал жыйында «Азаттыктын» берүүлөрү коммунисттик империя кулагандан кийин эгемендикке жетишкен республикалардагы «түшпөс хандардын» жеке бийлигине каршы туруп, сөз эркиндигин, адам укугун, демократиялык баалуулуктарды жалпыга жайылтууга багытталганы каадалуу жыйында кенен-кесир кепке алынды», деп белгилейт Замира Сыдыкова.
Казакстанда соода кылып жан сактап жүргөн 500дөн ашуун кыргызстандык жарандарды казак бийлиги жерине күч менен кайтарып ийишине шейшембидеги «Агым» гезити кайрылды. Депутат Адахан Мадумаровдун пикиринде, «кыргыздар Алматыга барганда убактылуу каттоодон өтүш керек экенин билбей, тийип-качып иштеп жүрүшөт». Ал эми улутташтары кайда барып, кантип жан сактап жүргөнүнө кызыккан бийлик жок.
«Аалам» гезитинин шейшембидеги санында Нургазы Анаркуловдун Феликс Куловдун саясий портретине арналган макаласы жарыяланды. «Өздөрүнүн саясий оппоненттерин түрмөгө отургузуу кайсы бир Африка өлкөлөрүндө, анан Түркмөнстанда кездешет», деп жазат Н.Анаркулов. Батыш өлкө жетекчилеринин Ф.Куловду түрмөдөн бошотуу жөнүндөгү өтүнүчү «Ак Үйдүн» көп убадасынын бирине айланды.
«Кыргыз милициясын бийлик былык иштерге, ар кандай акцияларга аралаштырып, саясий курал катары колдонуп отуруп кадырын кетирип койду», деп маалымдайт Элнура Кулуева. «А.Каримов милиция бөлүгүнө куралы жок эле жайынча кирип жай сүйлөшүп олтуруп, суткалык нөөмөттө турган кызматкердин куралын зомбулук менен алган соң, анан бөлүктүн куралын тартып алган, - дейт Жалалабаддагы осол окуяга токтолгон автор. – «Куралчан кол салды» деген ИИМдин алгачкы маалыматы суу кечпейт». Элнура Кулуеванын маалыматына караганда, чоң тобокелге барып, милиция бөлүктөрүн карактап, Аксыдагы элди көтөрүлүшкө үндөгөн топтун милицияга каршылык көрсөтпөй, колго түшүп бериши чындыкка коошпойт. Аны автор «кичинекей балдардын боевик оюндарына окшош» деп атаган.
Президент А.Акаевдин Ош облусундагы эки күндүк иш сапарын шейшембидеги өкмөттүк гезиттер жазып чыгышты. «Эркин тоо» гезитинде Ысыккөл райондук мамлекеттик администрация башчысы Жангазы Акматовдун Көлдө эс алууга арналган макаласы жарыяланган. Акимдин айтымында, Көлгө эс алууга келгендерден түшчү киреше 15% өстү. «Азыр эң арзан жолдомо бир күнгө 250-300 сом, орточо 5 доллардын тегерегинде. Эң кымбаты - «Аврора» - 270 – 250 доллар. Калгандары 50 долларга чейин».
«Кыргызстандагы күрттөрдүн «Мидия» бирикмеси жана биздин жактоочуларыбыз Күрт жумушчу партиясы менен тыгыз байланыш түзүп келатабыз», деп бирикменин жетекчиси Рамазан Сеидов май айында «Эларалык ишкердик байланыштар» гезитинде маек курган. Күрт бирикмесинин жетекчисинин сөзүн шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити комментарийледи. Күрт жумушчу партиясынын жетекчиси Абдулла Өжалан ушу тапта түрмөдө, ал жетектеген партия АКШ Мамлекеттик департаменти тарабынан дүйнөдөгү эң коркунучтуу террордук уюм деп эсептелинет. Өжаланды жактоочулар 4000ге жакын адамды өлтүрүшкөн, дагы ошончо киши оор жарадар болгон. «Күрттөрдүн жетекчиси Рамазан Сеидов кандай уюм менен «тыгыз кызматташып» атканын гезит аркылуу жарыя кылмакчы болуп Кыргызстандагы улутташтарынын баркын түшүрүүдө, - деп жазат гезит автору П. Южанин. - Бул жөнүндө Кыргызстан элинин ассамблеясы менен Кыргызстандагы күрттөрдүн «Мидия» бирикмеси кандай ойдо болушту экен?»
Кыргыз өкмөтү Бишкектеги базарларды ыраатка түшүрүп, жайма базарга жашынган «көмүскө экономиканы» ачыкка чыгаруу көздөп жатканы Тамара Слащеванын «Токтот, базарыңды!» деген макаласында кеп болот.
16 өлкөдөн келген 160 спортчу киши жүргүс аска-тоолордон, тик кыялуу капчыгайлардан өтүп, шаркырап аккан дарыяларды кечип, 900 чакырым жол жүрүп, Жетиөгүз айылынан Токтогул шаарчасына чейин жөө жүрүш уюштурушканын шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады.