Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:43

КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ ОРУСИЯДА “ТЕРРОРЧУ” ШЕГИ МЕНЕН КАРМАЛГАН КИШИНИН КЫРГЫЗСТАНДЫК АТУУЛ ЭМЕСТИГИН БИЛДИРДИ


Төрөкул Дооров, Маскөө шаары 9-июнь күнү Маскөөдө тартип сактоо органдары тарабынан шаарда мыйзамсыз жашаган 121 киши кармалды. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы алардын ичинде «Хизбу-т-тахрир» уюмунун, башкача айтканда «Ислам боштондук партиясынын» 55 мүчөсү бар экендиги аныкталды деп маалымдайт. Террорчу деген шек менен кармалгандардын ичинде Кыргызстандын атуулу Алишер Мусаев менен Тажикстан атуулу Акрам Жалолов бар деп айтылууда. Бирок Кыргыз бийлиги Мусаевдин бул өлкөнүн атуулу эмес экендигин билдирди.

Орусия Федералдык коопсуздук кызматы «Алишер Мусаев менен Акрам Жалоловго каршы кылмыш иши козголуп, ал эми «Хизбу-т-тахрирдин» калган мүчөлөрү Орусия чек арасынан сыртка чыгарылат» деп кабарлады. Бул мекеменин айтымында, Кыргызстан атуулдугун алып жүргөн Алишер Мусаевдин буюмдарынын арасында 100 грамм пластида, 3 түрдүү кол гранатасы жана аталган партияга тиешелүү 15 чакырык баракчалары табылып, андан сырткары Алишер Мусаев аталган уюмдун Москвадагы бөлүмүн жетектей тургандыгы дайын болуптур. Ал эми анын жигердүү жардамчысы, тажик атуулу деп көрсөтүлүп жаткан Акрам Жалоловдун буюмдарынын арасынан жардыргыч заттар (400 грамм тротил менен 2 жардыргыч милте), андан сырткары 38 чакырык баракчалары табылган экен.

«Бул эки атуулду террорчу деп атаганга, биринчи кезекте, дал ушул буюмдар далил. Анын үстүнө ушул жылдын 14-февралынан тарта Орусия Жогорку сотунун чечими менен «Хизбу-т-тахрир» террористтик уюм деп таанылуусу керектиги жарыя кылынган. Ошондуктан, алардын буюмдарынын ичинде жардыргыч заттар табылбаган күндө деле, аларды террорчу деп атоого болмок» дешти Федералдык коопсуздук кызматынан. Андан сырткары, аталган кызматтын басма сөз катчысы Сергей Игнатченконун айтымында, бул өңдүү террорчул уюмдардын желеси учурда Орусияны дээрлик толугу менен каптап калган:

- Террорчуларды табуу боюнча жүргүзүлүүчү иш-чара Орусиянын бардык чөлкөмдөрүн камтыйт. 9-июнда биз бул террордук желенин бир эле чынжырын кармай алдык. Эми мындан аркы аракеттер Орусиянын Ички Иштер министрлиги жана Федералдык коопсуздук кызматы менен биргеликте жүргүзүлмөкчү. Бул ишке биздин чет элдик кесиптештерибиз да кошулат ко деп ойлойм.

Расмий өкүлдүн мындай эмоционалдуу чакырыгына ошол эле Коопсуздук кызматынын кармалган террорчуларды өлкөдөн сыртка чыгаруу туурасында кабыл алынган чечими толугу менен каршы тургандай сезилип, ишенбөөчүлүктү пайда кылат. Буга карата «Мемориал» укук коргоо борборунун мүчөсү Виталий Пономарев мындай дейт:

- Коопсуздук кызматы таркаткан маалыматка ылайык, кармалгандардын басымдуу бөлүгү өлкөдөн депортацияланмакчы. Эгерде алар чындап эле террорчу болушканда, Орусия бул адамдарды жөн эле коё бербейт болчу, ошол учурдан тарта катаал иликтөө иштери башталмак. Ошондуктан, менимче, расмий тараптын мындай аракеттери жөн гана өлкөдөгү мыйзамсыз жашап жатышкан мигранттарды сыртка чыгаруу үчүн тапкан шылтоо болушу ыктымал.

Жогоруда айтылган эки ортоазиялыктан сырткары 53 адамдын аты-жөнү, алардын кайсы өлкөнүн атуулу экендиги тууралуу маалымат ушул мүнөткө чейин жашыруун сакталууда. Айрым гезиттерде, мисалы, «Известияда», калган партия мүчөлөрү да Кыргызстан менен Тажикстандын атуулдары болушу мүмкүн деген маалымат айтылды.

Бул тууралуу тагыраак билүү максатында биз Маскөөдөгү Кыргызстан элчилигинин консулу Аскар Бешимовго кайрылдык. Бирок, консул: «Бизге азырынча Федералдык коопсуздук кызматынан маалымат агенттиктери тарабынан кыргызстандык атуул катары айтылган киши тууралуу эч кандай расмий маалымат түшө элек», - деди.

Алишер Мусаев тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди. Министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Чынара Асанованын «Азаттык» радиосунун Бишкектеги бюросуна шейшембиде берген маалыматына караганда, Алишер Мусаев – Кыргызстандын атуулу эмес, башкача айтканда, мындай адам Кыргызстан атуулу катары расмий каттоодо жок. «Балким, ал кыргыз атуулдугун көрсөтчү жасалма кагазды мыйзамсыз жолдор менен алгандыр, биз бул маалыматты тактоодобуз», - дейт Асанова айым.

XS
SM
MD
LG