Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

ЖЕР ҮЛҮШҮН АЛАМ ДЕГЕНДЕР ДАГЫ ЭЛЕ КӨП


Сапар Орозбаков, Бишкек Акыркы маалыматтарга караганда, айыл жеринде жашаган 2 млн. 600 миӈден ашуун адамдар мыйзам боюнча өздөрүнө тиешелүү жер үлүштөрүн алышты. Бирок жер алам дегендер дагы эле көп. Кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоо агенттиги арыз бергендердин тизмесин алып, алардын жер алууга укуктуулугун текшерип жатат. Күзүндө аларга жер үлүштөрү бөлүнүп берилмекчи.

Жер реформасы башталган 12 жылдын ичинде 2 млн. 600 миӈден ашуун адам жер үлүшүн алган болчу. Учурунда көп адамдар «жерди иштете албайбыз» деп, мыйзам боюнча өздөрүнө тиешелүү жер үлүшүнөн баш тартышкан. Жерди алаарын алып, иштете албай, кайра өткөрүп бергендер да болгон. Эми жер пайдалуу экенин көргөн айылдыктар жер үлүштөрүн талап кылып жатышат. Өзгөчө, жерди сатууга уруксат берилгенден кийин жер алам дегендердин саны көбөйгөндөн көбөйүп барат. Ошондуктан 1998-жылкы Жер кодексине «1996-жылга чейин колхоз-совхоздордо иштегендер жана айылда жашагандар гана жер үлүштөрүн алууга укуктуу» деген жобо киргизилген. Былтыр президент өз указы менен алардын тизмесин тактап, жер ала электерге жер берүү тууралуу тиешелүү органдарга тапшырма берген болчу.

- Былтыркы жылдын январь айына чейин эсептеп көрсөк, жер албай калган 11180 үй-бүлө чыкты. Аларга 13096 гектар жер бериш керек экен. Тизменин баарын текшергенбиз. Жер алууга укугу жок үй-бүлөлөр да тизмеге кирип кетиптир. 9 миӈдей адамдын арыздарын кайра кайтарганбыз, - дейт жергиликтүү өз алдынча башкаруу министри, Кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоо агенттигинин директору Төлөбек Өмүралиев. Мурда жер үлүштөрү бөлүнүп берилип жатканда, айрым колхоз-совхоздордо айылда жашагандардын баарына берилип, айрымдарында болсо ошолордо иштегендерге гана берилген.

- Колхоз-совхоздордо иштегендерге беришкен да, ал эми ошол эле жерде өмүр бою мугалим, врач болуп иштегендерге жер бербей коюшкан. Азыр ошол тизмелер чыгып жатат, - дейт Төлөбек Өмүралиев. Анын айтымында, бүгүнкү күнү жогоруда айтылган 11180 үй-бүлөнүн 11045 үй-бүлөсүнө жер бөлүнүп берилди. Аларга жер алып, бирок кандайдыр-бир себептерден улам көчүп кетип, жерин өткөрүп бергендердин жерлери берилди. 25% Мамлекеттик фонддун эсебинен башка жол жок болгондо гана берилет. Жакшы жерлердин баары мурда эле берилип кеткен. Бирок калган жерлердин ичинде да «мен алам» деген талаш болгон жерлер бар.

- Бардыгы эле «үйгө жакын болсо экен, суунун башы болсо экен» дейт . Ошондуктан чүчүкулак кармап чечип жатышат, - дейт Төлөбек Өмүралиев.

Азыр жер алам дегендердин саны күндөн-күнгө өсүүдө. Тизме такталып, Жогорку Кеӈештен бекитилгенден кийин да «жер албай калдык» деген көп арыз түшкөн. Ошого байланыштуу тизмеге кошумча 3533 үй-бүлө киргизилген болчу. Бирок ал тизме акыркы тизме болчудай эмес. Дүйшөмбү күнү премьер-министр өткөргөн селектордук кеӈешмеде айрым губернаторлор жер албай калгандар дагы бар экенин айтышты.

- Жер реформасы жакшы өтүп, кенен-кесир талкуу менен жер бөлүнүп берилген жерлерде элдин көпчүлүгү өз үлүштөрүн алып калышкан. Нарында ошондой болуп, мурдагы тизме боюнча болгону 243 гана үй-бүлө «жер албай калды» деп келди. Жаӈы тизме боюнча 35 эле үй-бүлө. Реформа Баткен жана Жалалабад облустарында да жакшы өткөн. Чүйдө, Ошто жана Таласта болсо «жер алам» дегендер дагы көп чыгып жатат. Тизмесин кайра тактап жатабыз. 1-июнга үлгүрбөй калгандыктан, Мыйзам чыгаруу жыйыны биздин сурообуз боюнча тизмени тактоо мөөнөтүн 1-сентябрга чейин узартып берген. «Эми бир жолу тактагыла, акыркы жолу жер берип, андан кийин токтотобуз» деген, - дейт Төлөбек Өмүралиев. Анын айтымында, тизме такталып бүткөндөн кийин, күзүндө түшүм алынып, жер бошогондо, аларга жер үлүштөрү бөлүнүп бериле баштайт.

XS
SM
MD
LG