Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:25

РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН МУРДАКЫ ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ Р. ХАСБУЛАТОВ: БИЙЛИКТЕГИЛЕР МЕНДЕН КОРКУШАТ...


7-июнь, жума күнү “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Прагадагы башкеңсесинде радионун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналган мааракелик илимий конференция өттү. Ага көптөгөн коноктор, алардын ичинде Россия Федерациясынын мурдакы Жогорку Кеңешинин төрагасы Руслан Хасбулатов да келип, “Эркиндик” деген темада доклад жасады. Экс-спикер Кыргыз бөлүмүнүн кызматкери Амирбек Азам уулуна берген интервьюда Борис Ельцин менен болгон эрөөлдө жеңилүүсүнө, Чеченстандагы согуштун сырына жана Кыргызстандагы саясый-экономикалык жагдайга, дагы башка темаларга токтолот.

- Руслан Имранович! Кыргызстандыктар Сизди Россиянын бийик саясый сересине көтөрүлгөн чечен элинин уулу иретинде, мурдакы орус президенти Борис Ельцин менен таймашта жеңилген саясатчы катары жакшы билишет. Бийлик үчүн жана Конституциялык тартип үчүн болгон күрөштө Сиз жана вице-президент Александр Руцкой баштаган козголоңчуларды парламенттин имаратынан кууп чыгуу үчүн Ельцин танктарды колдонгон. Ошол эрөөлдө жеңилип калганыңызга өкүнбөйсүзбү? Тынч жүрө берсеңиз, бүгүн да саясатта кала бермексиз.

Р.Х.: Бул жөнүндө сөз кылгандан майнап чыкмак беле. Албетте, жеңилгениме өкүнөм. Айтпаса да түшүнүктүү: Мен жеңсем өлкө үчүн, эл үчүн жана менин өзүм үчүн да жакшы болмок. Түшүнсөңүз, Конституцияны коргоо жөнүндө сөз болсо, аны коргоону адамдар чындап эле каалашат деп күткөнмүн. Россиялык жарандар азыр кандай жашап жатканына бир назар салып көрүңүзчү. Ырасмий маалыматтар боюнча, жарандардын 60 проценти кедейчиликтин төмөнкү чегинен ылдыйкы абалда жашайт. Бул биз көп ирет акаарат кылып жектеген “каргыш ургур” Совет доорундагыдан 2-3 эсеге жаман. Арийне, элди мындай абалга жеткирген жана партиялык номенкулатураны кууп, анын ордун ээлеген азыркы жетекчилердин өлкөнү жетектөөгө укугу жок. Алар өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин аткара алышпай жатат.

- Сиз Чеченстанда тынчтык орнотуу боюнча бир нече ирет түрдүү демилгелерди көтөрүп чыккансыз. Орус маалымат каражаттары жазганга караганда, Чеченстанда сиздин аброюңуз бийик экен. Чечендер Сизди республикадагы окуяларга катыштыгы жок деп санашат. Бирок, ырасмий Кремль Сиздин Чеченстанга барып, саясый процесстерге аралашууңузга эмне үчүн жол бербейт. Эмне үчүн?

Р.Х.: Бийликтегилер мендей адамдардан коркушат. Себеби, алар мага тең чыкчу атаандаш эмес. Алар мага салыштырганда өтө эле кер сары, тагыраак айтканда, келбетсиз көрүнүшөт. Ошон үчүн алар жалгыз мени эмес, мага окшогон адамдарды бийликке жакын жолотушпайт. Мен сыяктуу адамдар аз эмес. Көп. Бийликтегилер бизден коркушкандыктан, өздөрү сындуу жана мурдакы партиялык доордогудай сөз уккан, жетекчиге “өтө берилген” жана мамлекеттик мүлккө кол салуудан тартынбаган адамдарды тандап алышат. Мындай “момун-жоош” жетеленме адамдарды-Россияда азыр өтө модалуу сөз менен “жеңил прогноздолчу адамдар” деп коюшат.
Уурулук бүгүн бардык мурдакы советтик республикаларда кеңири жайылган.
Көпчүлүк менин байлыкка көңүл кош экенимди билишчү. Мамлекеттик казынаны өтө катуу көзөмөлгө алып, аны талап-тоноого, уурдоого мүмкүндүк берчү эмесмин. Бийликке аралашса, кайрадан чынчыл тартибин орното баштайт деп коркушат алар. Анткени, аларга (бийликтегилерге) чынчыл, абийир-намыстуу, оңтойсуз адамдардын эмне кереги бар. Алардын бийлик технологиясы ушундай.

- Руслан Имранович, Сиз жана СССР тушунда өлкөнүн мунай өнөр жай министри болгон Саламбек Хажиев сындуу таанымал чечен инсандары Чеченстандагы саясый процесстерге тартылса, тынчтыкты орнотуу жеңил болмок деген ойдомун. Ырасмий Кремль чындап эле тынчтыкты орнотууну кааласа, эмне үчүн ушундай адамдардын саясый мүмкүнчүлүгүн пайдаланбайт?

Р.Х.: Анткени, президент Путин өз алдынча иш жүргүзгөн, эркин саясатчы эмес. Ал өтө этият, өзүнө ишене бербеген коркок адам. Аскер адамдарынын ага болгон таасири өтө күчтүү. Ал эми аскерлер үчүн Чеченстандагы согуш өтө пайдалуу. Аскерлер согушка жамынып, кара майды уурдашат, бюджеттик каражаттарды талап-тоношот, пайда табышат.
Согуш жүрүп жатканда аскерлер эч негизсиз чин-наамдарды алышат, алардын коомдогу кадыр-баркы өсөт. Ошон үчүн, аскерлер мындай жыргалчылыктан кол үзгүсү келбейт. Алар үчүн Чеченстанда тынч, карапайым адамдар өлүп жатабы, же катардагы орус жоокери өлүп жатабы, маанилүү эмес. Россияда азыр, тилекке каршы, адам өмүрү, кечиресиз мени, тооктон арзан турат. Мына Чеченстандагы согуштун сыры. Ушундан улам Путин күчтүү президент деп айтуу терең жаңылыштык. Ал өтө чабал, күчсүз, эрки жок, чечкинсиз президент. Мындай адамдар өтө коркунучтуу. Алар, демейде, кежир, жүрүм туруму түшүнүксүз болушат. Ошондуктан, маселе Чеченстандагы тынчтыкка Путиндин кызыкканында эмес, башкада.

- Бул кепти угуу оор. Адамдардын өлүмү жөнүндө угуу кыйын, өтө оор. Анын жүгү Сизди да басып, кыйнаса керек. Чеченстандагы тынчтыкка жетүүнүн жолу кандай? Тынчтыктын жолу барбы? Ал кандай жол?

Р.Х.: Ооба, менин жаным ооруйт. Менин оюмча, эртеби-кечпи, тынчтыкты орнотуунун эки жолу бар, же кырдаал мен айткандай эки жол менен өнүгөт. Биринчиси, Россия Чеченстанга жана Түндүк Кавказга өтө күчтүү таасир эткендиктен, Чеченстан толук бойдон эркин мамлекет болбойт, андай мүмкүнчүлүктү Москва да бербейт. Андай болгондо, Чеченстан Россия менен бирдиктүү акча мейкиндигинде, ошондой эле коргонуу системасында болуп, чечендер Россиянын букаралыгында калат. Чек ара да өзгөрбөй, мурдакы административдик башкаруу сакталат.
Экинчи сценарий мындай. Путин эгер азыр өзү сунуш кылган моделди (бул туңгуюкка алып барчу маңызы жок модель) көгөрө таңуулай берсе, аны иш жүзүнө ашырабыз деп көшөрө бергенден бүтүндөй Түндүк Кавказ жарылат жана Түндүк Кавказ толук бойдон Россиядан бөлүнөт.

- 90-жылдардын башында Станислав Шаталин, Гаврил Харитонович Попов, Николай Яковлевич Петраков, Сиз жана башкалар СССРдин экономикасын кризистен чыгаруунун жолдорун сунуш кылгансыздар. Бирок, ал сунуш колдонулбай калган. Аларды бүгүн пайдаланса болот деп ойлойсузбу?

Р.Х.: Пайдаланса болмок. Түшүнсөңүз, маселе - ал моделди ким иштеп чыгат? Мен жана Гавриил Попов картайдык. Николай Петраков бизге караганда да каарып кетти. Академик Шаталин болсо арабыздан өтүп кетти. Азыр экономисттердин, адистердин ортосунда айыгышкан атаандаштык жүрүүдө. Өкмөт көп сандаган “адис сымактарды” тегерегине чогултуп алган. Алар өздөрүн илимпозбуз деп эсептешет жана жарыбаган түрдүү моделдерди сунуш кылышууда. Албетте, 80-жылдардын экинчи жарымы, 90-жылдардын башында терең иштелип чыккан көптөгөн идеяларды азыр колдонсо болмок. Менин оюмча, бүгүн ал идеяларды колдонуунун мүмкүнчүлүгү жокко эсе.

- Соңку кезде Москва курамына Россия, Белорус, Казакстан жана Украина кирген бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүүнү өжөрлөнө сунуш кылууда. Бул маселеге Сиздин мамилеңиз кандай?

Р.Х.: Аракет жасап көрүү керек. Жаман болмок эмес. Көрбөйсүзбү,Советтер Союзунун кыйроосу, андан кийин болгон окуялар-тарыхка каршы процесстер. Дүйнө дайыма интеграцияда турат. Назар салып көрүңүзчү, биз Европанын дал ортосунда турабыз. Европа Биримдиги бирдиктүү федералдык мамлекет түрүндө түзүлгөн. Ырас, Европада бул жөнүндө кеп кылганды көп жактырышпайт. Иш жүзүндө да Европа бирдиктүү федералдык мамлекет болуу үчүн багыт алууда. Европада жалпы экономикалык, акча-монетардык, техникалык, технологиялык жана билим берүү мейкиндиги эбак түзүлгөн. Ал эмес бирдиктүү саясый мейкиндик да негизделген. Ошон үчүн постсоветтик өлкөлөр жакындашуусу шарт. Жакындашуунун импульсу катары эмне кызмат кылышы мүмкүн? Бирдиктүү Европа Союзун түзүү ийгиликтүү ишке ашуусуна эмне түрткү болду?
Экономикасы өтө кубаттуу Германия менен Франция биригүүнү биринчи болуп башташкан. Алар оболу Металл өндүрүүчүлөр союзун жана Евроатомду түзүшкөн. Ошентип, бул эки өлкө башкаларды алга тартуучу локомотивге айланган.
Россияны алсак, өлкө тынымсыз согушууда. Россиянын бюджетинин үчтөн бири согушка сарпталат. Президент Путин улуттук кирешени эки эсеге көтөрүү зарыл дейт. Бирок, ал үчүн эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Азыр эми кара майдын баасы ылдый түшүп кетсе, эмне болорун ким билет. Ошондо экономикалык өсүш нөлгө барабар болот.
Элдин социалдык абалы өтө оор. Россиянын эл аралык позициясын да жакшы деп айтып болбойт, начар. Мындай шартта кайсы өлкө мурдакы советтик республикаларды алга тартчу күч боло алат? Ошон үчүн, түрдүү экс-советтик республикалар таянычты мухиттин ары жагынан жана башка жерлерден издешүүдө. Алар орус патриоттору же державниктери түшүндүргөндөй Россияны жаман көргөнү үчүн таянычты сырттан издеп жатышкан жок.

- Р.И., Казакстан сунуш кылган бирдиктүү акча мейкиндигинин келечеги жөнүндөгү да ой-пикириңизди уксак...

Р.Х.: Нурсултан (Назарбаев) ар кандай прогрессивдүү идеялары менен башка лидерлерден ар дайым айрымаланып турчу. Акча мейкиндиги жөнүндөгү сунуш же буга чейин сунуш кылынган бир эле долбоор иштелип чыгып, акыр аягына чейин аткарылса, эмне болгонун көрсөк жакшы болбойт беле. Мен интеграциянын жактоочусу, бул тармакта иштеген адис-илимпоз катары экономикалык интеграция зарыл деп санаймын. Айта кетчү нерсе, интеграция локалдык (жергиликтүү) жана регионалдык мүнөзгө ээ. Ырас, жакынкы чек аралаш өлкөлөр конкреттүү иштерди турмушка ашыруу үчүн өздөрүнүн эмгек, интеллектуалдык, акча жана башка ресурстарын бириктирүүгө аракет кылышы абзел. Канткенде да бир нерсе жасоо үчүн чогуу аракеттенип көрүү керек го... Өздөрүнө өздөрү көмөктөшпөсө, аларга эч ким жардамдашпайт.

- Россиянын демилгесине ынанып, КМШ өлкөлөрү интеграцияга барса, Москванын диктатына кайра кабылат деген да пикирлер бар? Буга эмне дейсиз?

Р.Х.: Жок. Россиянын диктатына эч ким кабылбайт. Себеби, кеп экономикалык пайда жөнүндө жүрүүдө. Маселен, мен жакшы жашай баштадым дейли. Үй курдум, жаңы автомобиль сатып алдым, эмгек акым көбөйдү. Мындай жагдайда өкүмзорлук жөнүндө сөз болуш керек эмес. Бул куру теориялык ой-жоруу болуп калат. Мына, Сиз Европанын ортосунда жашайсыз. Уктуңузбу, адамдар кимдир бирөөнүн үстөмдүгү тууралуу кеп кылганын? Европалыктар диктат жөнүндө эч ойлошпойт же өтө аз ойлошот. Качан гана өнөр жайы жакшы өнүккөн жети өлкөнүн жетекчилери же башка кайсы бир беш өлкөнүн башы кошулганда гана бир нерсени бөлүшүүдө, бул өкүмзордук болот деп калышат. Туурасын айтканда, миллиондогон адамдар диктат жөнүндө эмес, өздөрүнүн турмушу жөнүндө ойлошот.

- Экономист катары мурдакы Советтик республикалардагы жагдайга көз салып турсаңыз керек. Кыргызстандагы жагдайды кандай баалайсыз?

Р.Х.: Кыргызстандагы жагдай азырынча өтө эле ортозаар деп айтар элем. Өлкө ийгиликтүү өнүгүп жатат дегенге ишене бербейм. Азырынча Кыргызстан өз ордун таба элек. Коом кандай багытты кармаш керек? Белгисиз. Бул боюнча терең ойлонулган, биринин артынан экинчиси ирээттүү ишке ашырылчу, элдин жашоосун жакшыртчу, бийликке болгон мамилени өзгөртчү фундаменталдуу саясый-экономикалык программа Кыргызстанда болбоду. Ортозаарлыктын себеби ушунда болсо керек.
Башкаларды кой, Казакстан менен ыңгайлуу кызматташуу үчүн жагдай өтө оңтойлуу болгон. Элдин турмушун жана экономикалык жагдайды жакшыртуу үчүн Кыргызстандын жетекчилиги (Казакстандын мамлекет башчысы менен болгон) үй-бүлөлүк мамилелерди да колдонбоду.
Кыргызстан азыр олуттуу өзгөрүүлөргө муктаж. Алдыда сөзсүз чоң өзгөрүүлөр болот жана жагдай жакшы жакка өзгөрөт деп ишенем. Себеби, мен кыргыз элин сүйүп-урматтайм. Кыргызстанда көп жолу болгом. Баса, Кыргызстанда мен төрагалык кылган парламенттер аралык ассамблеяны түзөлү деген бүтүмгө келгенбиз. Ассамблея кийин Дүйшөмбү шаарында түзүлгөн. Тилекке каршы, парламенттик ассамблея начар иштөөдө. Бул КМШнын жалпы ахывалына байланыштуу болууда. Мен кыргыздарга өтө жакшы мамиле кылам. Ошондуктан, өзүмдүн көп жолку кездешүүлөрүмдү, Кыргызстанда болгонумду эстейм. Кыргызстандыктарга бардык ийгиликтерди, бак-таалай каалаймын.

XS
SM
MD
LG